Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

COVID-19: вирустан дагы 6 киши каза болду


Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

17-августка карата Кыргызстанда 341 адам илдет жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Коронавирустан дагы алты киши каза тапты. Вирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (151 киши) жана Чүй облусунда (93 киши).

Жалпысынан былтыр март айынан бери коронавирус менен ооругандардын саны 172 668 адамды түздү. Оорудан 163 810 киши сакайды. Вирустан көз жумгандардын жалпы саны 2457 кишиге жетти.

Ушул тапта ооруканаларда 3067, ал эми стационарда 1920 киши дарыланууда. Кыргызстанда коронавирус 2020-жылдын 18-мартында алгачкы жолу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG