Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Армения Азербайжан менен чек арасындагы атышуудан эки аскери каза болгонун билдирди


Армян-азери чек арасы.
Армян-азери чек арасы.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек ара тилкесинде ок атышуудан эки армян аскери мерт кетти. Армениянын Коргоо министрлиги атышуу 16-августтун кечинде болгонун, аскерлер өз территориясы аркылуу өтүп баратканда азери тарап чагым уюштурганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ага чейинки күнү Армения тарапка мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы үчүн Азербайжандын бир аскери жок кылынган.

Азербайжан тарап айыптоолорду четке кагып, чагымды армян аскерлери уюштурганын айтууда.

2020-жылдын күзүндө бул эки өлкө Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумадай согушкан. 7 миңдей адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон ок атышууну токтотуу боюнча келишимден кийин басылган. Ага ылайык, расмий Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG