Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Орусиядагы парламенттик шайлоого 14 партия катышат


Элла Памфилова. Орусиянын БШКсынын төрайымы
Элла Памфилова. Орусиянын БШКсынын төрайымы

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-сентябрда Мамдумага жана Федералдык жыйынга депутаттыкка өтө турган шайлоо бюллетениндеги партиялардын орду боюнча чүчүкулак кармады.

Ага ылайык, Орусиянын Коммунисттер партиясы биринчи, ал эми “Бирдиктүү Орусия” бешинчи катарга коюлду.

Шайлоого жалпысынан 14 партия ат салышат. Алардын арасынан төртөө Мамлекеттик думанын азыркы чакырылышына кирген. Калганы жок эле дегенде кайсы бир аймактын мыйзам чыгаруу жыйынында мандатка ээ болгон. Аларга кол топтоосуз эле катталып, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

Мындай жеңилдиктен пайдалана албаган жалгыз партия - Орусиялык жалпы элдик союз партиясы шайлоого катыша алган жок. БШК аны жетиштүү кол топтой алган жок деген негизде каттаган эмес.

Мамлекеттик думанын жарымы партиялык тизме боюнча шайланып, ал эми жарымы бир мандаттуу округдардан куралат.

Бул шайлоого оппозициялык партиялар, көз карандысыз саясатчылар да катышпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG