Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борбору саясий негизде кармалып, камакка алынгандардын тизмесин жаңылады. Анда 410 киши бар. 329 киши диний өзгөчөлүгү же болбосо дин тандоо эркиндигинен пайдаланганы үчүн камалса, 81 киши саясий негизде камалган.
«Мемориал» укук коргоо борборунун саясий туткундар боюнча тизмесине соңку жети жарым айда көптөгөн жаңы ысымдар кирди. Анда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоп акцияга чыккан жарандар да бар.
Быйыл сентябрь айында Мамлекеттик Думага шайлоого катышууну көздөп, бирок мындан улам кылмыш жообуна тартылган Андрей Пивоваров, Алексей Ворсин жана Олег Степанов сыяктуу жарандар дагы тизмеге киргизилди.
Укук коргоочулар диний ишенимге берилгендерге басым токтобой келе жатканын белгилешет.
«Мемориал» укук коргоо борбору кеминде негизсиз жерден “Таблиги жамаат” жана “Хизб ут-Тахрир” уюмдарына мүчөлүккө айыпталган отуздан ашуун мусулманды саясий туткун катары тааныды. 2017-жылдан бери экстремисттик деп табылган Жахабанын күбөлөрүнө карата дагы репрессия күчөгөнү көрсөтүлгөн.
Укук коргоочулардын айтымында, 2021-жылдын январь айынан августка чейин 46 жахабачы үй камагына алынып же болбосо темир тор артына түшкөн.