Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Орусиядан Тажикстандын 33 жараны чыгарылат


Тажик мигранттары чечендер менен калайман урушканы тартылган видеодон скрин.
Тажик мигранттары чечендер менен калайман урушканы тартылган видеодон скрин.

Орусиянын миграциялык кызматы Санкт-Петербургдагы Невский районунда калайман мушташка катышкан деген Тажикстандын 33 жараны жакында депортациялана турганын билдирди.

Ал эми атын атагасы келбеген тажик өкмөтүнүн өкүлү "Озоди" тажик кызматына калайман мушташка катышкан жарандар депортациялана турганын ырастаган.

Санкт-Петербург шаарынын эл аралык мамилелер жана миграциялык саясат боюнча комитетинин төрагасы Олег Капитанов соттун чечимин күтүп жатышканын билдирди. Ал эми чет элдиктер учурда убактылуу кармоочу жайда турушат.

Шаардык администрациянын расмий сайтында быйыл июль айынын аягында тажик жарандары менен чечендердин ортосундагы кагылышууга жүздөн ашуун адам катышып, анын ичинен кырк адам кармалганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG