Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Ошто айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин иши тергелүүдө


Айдоочуга кол көтөргөн милиционердин иши тергелүүдө
Айдоочуга кол көтөргөн милиционердин иши тергелүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) айдоочуга кол салган милиция кызматкеринин окуясын иликтеп баштады. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы жыйналган материалдар прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөрүн билдирди.

Окуя шаардагы Ленин көчөсүнүн базарга жакын бөлүгүндө болгон. Милиционердин опузасына кабылган айдоочу милиция кызматкери бир тараптуу жол менен келе жатканы үчүн эскертүү берген. Бирок милиционер автоунаасынан түшүп келип, анын телефонун тартып алууга аракет кылып, кол көтөргөн.

Шаардык милициядан тартип сакчысына жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынганын билдиришти. Мындан сырткары анын милициянын атына шек келтиргени аныкталса жазага тартыларын кошумчалады.

"Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери катталып, "ички иштер органынын кызматкери" деген наамга шек келтире турган жорук-жосундарды жасай турган болсо — алар мындан ары да мыйзам чегиндеги тиешелүү жазаларын алышат", — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Буга чейин 26-июль күнү Ош облустук милицияcынын кызматкерлери менен жай тургундар автоунаа токтотуучу жай талашып урушуп, үч кызматкер өз арыздары менен иштен кеткен. (DU)

XS
SM
MD
LG