Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Өзбекстанда чек араны бузган учак атып түшүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда 15-август күнү кечинде Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул аскер учагы мамлекеттин аба мейкиндигинен өтүп, аймакка кирип баратканда токтотулганын ырастады. Бирок бул жерде министрлик Өзбекстандын абадан коргонуу күчтөрү учакты атып түшүргөнүн тактаган эмес.

Жергиликтүү маалымат каражаттары коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, учак атып түшүрүлгөн маалда анын эки учкучу парашют менен секирүүгө үлгүргөнүн жазып чыгышты.

Басылманын маалыматы боюнча жаракат алган оогандык эки учкуч Термездеги ооруканага жеткирилди. Буга чейин ушул эле ооруканага жарадар болгон үч ооган аскери жаткырылган.

Талибдер кабулга 15-августта кирип, президенттик сарайды согушсуз алышты. Талибан 20 жылдан берки согуш аяктаганын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG