Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Учактар Ооганстандын аба мейкиндигин айланып өтүүдө


Кабулдун аэропорту. 16-август, 2021-жыл.
Кабулдун аэропорту. 16-август, 2021-жыл.

Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы коммерциялык рейстерди аткарган учактарга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учпай, каттамды өзгөртүүнү сунуштады.

Ооганстандан учуп-конууларды аскерлер көзөмөлгө алууда. Бир катар мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө.

16-августта Ооганстандын жарандык авиация башкармалыгы Кабулдун үстүнөн учуп өтүү “көзөмөлсүз жана коопсуз” экенин билдирди.

Айрым чет элдик авиакомпаниялардын учактары Ооганстандан айланып учуп, бул өлкөнүн аба мейкиндигине кирүүдөн абайлап жатышат.

"Талибанды" жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчап, камоого алып келип, өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстан толугу менен алардын колуна өткөнүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG