Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Талибан Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялады


Мухаммад Наим. Талибан кыймылынын саясий кеңсесинин өкүлү.
Мухаммад Наим. Талибан кыймылынын саясий кеңсесинин өкүлү.

Ооганстанда 20 жылдык согуш аяктаганын талибдердин өкүлү Мухаммад Наим Al Jazeera телеканалына курган маегинде билдирди.

Ошондой эле, жакын арада өлкөнү башкаруу формасы аныктала турганын айтты. Ооганстандагы бир дагы чет элдик дипломатиялык миссия, дипломат же чет элдик жаран Талибандын бутасына алынбай турганын билдирди.

"Биз бардыгы менен диалог жүргүзүп, аларды коргоого кепилдик беребиз", - деди ал.

Ошол эле кезде азыркы учурда Ооганстандын борбору - Кабулдун аэропортунда кымгууттук орун алганы белгилүү болду. Миңдеген адам аэропортко келип, өлкөдөн чыгып кетүүгө ашыгып жатат. Учурда аба майдан сыртка чыгуунун жалгыз жолу.

Талибандын жоочулары Кабулду 15-августта ээлеп алды. Алар алгач шаарды ар кайсы тарабынан курчоого алып, камалап келип, өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ооганстан толугу менен алардын колуна өткөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG