Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Ошто чатакташкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) үч кызматкери чатакташкан окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен козголуп, бирдиктүү реестрге катталды.

"Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын үч кызматкери жана төрт адам катышкан чатак 26-июлда катталган. Курманжан датка көчөсүндө унаа токтотуучу жай талашып, чатакташкан милиционерлер ошол эле күнү Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Наркологиялык экспертиза эки милиция кызматкери спирт ичимдигин ичкенин аныктады. Жаңжалга катышкан милиция кызматкерлери кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG