Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Пара жөнүндө айткан мурдагы кызматкер президент менен жолугушуу пландалганын билдирди


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президенттик администрациядагы пара алуу аракети жөнүндө айтып чыкканы үчүн иштен алынганын билдирген мурдагы кызматкер президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болору күтүлүүдө. Жолугушуу пландалып жатканын президенттик администрацияда эксперт болуп иштеген Уран Чекирбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Чекирбаевдин айтымында, мурдагы өкмөттөгү жана президенттик администрациядагы жооптуу адамдар Дүйнөлүк банк каржылай турган Digital CASA долбоорун ишке ашыруу укугун тендер аркылуу утуп алган ишканадан пара талап кылып, тийиштүү кагаздарга кол койбой келгендиктен иш токтоп калды жана бул тууралуу айтып чыккандан кийин анын өзүн кызматтан алып коюшту:

“Администрацияда иштеп жүргөндө санариптештирүү тармагын алып барчумун. Президентке маалымат даярдачумун. Толук билем эмне болуп жатканын, пара акча эмнеге суралганын. Жасалма түрдө создуктуруу болгон. Долбоордун ал компоненти боюнча тендерди былтыр декабрда эле утушкан. Ошондон бери сегиз ай өттү. Сегиз айдан бери кол коюлбай жүрөт. Аркасында жанагыдай оюндар болгон”.

Чекирбаевдин бул билдирүүсү ушу тапта социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат. Президенттик администрациядан жана өкмөттөн азырынча анын айткандарына комментарий боло элек.

Digital CASA долбоору боюнча келишим 2018-жылы кабыл алынган. Долбоор Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландырары айтылган. Бул үчүн Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар, анын 25 миллионун грант түрүндө бөлүүгө даяр болчу.

4-августта Дүйнөлүк банк 2018-жылы башталган долбоор 2023-жылы жыйынтыкталмагын, бирок аны ишке ашырууда үч жылдан бери жылыш жок болуп жатканын жана ал жабылышы ыктымал экенин билдирип, “Биз каржылаган программаларда коррупцияга таптакыр жол берилбейт” деп жарыялаган.

5-августта Министрлер кабинети аталган долбоор боюнча ишти күчөтүү тууралуу тапшырма бир нече жолу берилгенин, Санарип өнүктүрүү министрлиги төрт компоненттин бирин да аткарбаганын, Дүйнөлүк банк менен жаңы сүйлөшүү баштоо пландалып жатканын билдирип, аталган банктын кыргыз өкмөтүнүн коррупцияга тиешеси бар экени жөнүндө билдирүүсүн четке каккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG