Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Токтогул суу сактагычында 11, 948 млрд. куб метр суу бар


Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.
Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2021-жыл.

16-августка карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө чогулган суунун көлөмү 11 млрд. 948 млн. куб метрге жетти. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка секундасына 461 куб метр суу агып кирип, кайра 357 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр августта суу сактагычта 14,5 млрд. чукул суу топтолгон.

Быйыл март айынын аягында "Токтогулда" суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.

Келишим президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда жетишилген. Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG