Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Бишкекте түнкү клубда кызга кол көтөргөн чет элдик жаранга иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция 3-августка караган түнү Бишкектеги клубдардын биринин алдында болгон чатакка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ага түнкү клубда администратор болуп иштеген кыздын арызы себеп болгон.

Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, клубдун администратору эс алуучулардын бири өзүнө кол көтөргөнүн айтып, милицияга кйрылган. Бул окуя боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда ээнбаштык") менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Дайындалган медициналык экспертиза кыз денесинен эч кандай жаракат албаганын аныктаган.

Басма сөз кызматы кызды чаап жиберген деп шектелип жаткан жаран ошол эле күнү кармалганын, ал Британиянын Р. Х. аттуу жараны экенин кабарлады. Ага ылайык, учурда соттук-медициналык экспертизаны кайрадан өткөрүү маселеси каралууда. Британ жаранынын жоопкерчилиги анын корутундусуна жараша аныкталат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG