Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Садыр Жапаров Ооганстандагы абалга көз салып турат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, тийиштүү мамлекеттик мекемелерден маалымат алып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигине Ооганстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Буга чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр экенин билдирген.

"Талибан" кыймылы соңку 20 жылда биринчи жолу баш калаа Кабулга кирди. Жоочулар президенттик сарайды ээлегени белгилүү болду. Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG