Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Тажик бийлиги Ашраф Гани Дүйшөмбүгө келгенин четке какты


Ооганстандын президенти Ашраф Гани.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкө аймагына кирбегенин маалымдоодо. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, ооган президенти отурган учак Тажикстандын аба мейкиндигине кирбегени расмий айтылды. Мындан тышкары тажик бийлиги Ооганстан тараптан бул мазмунда сунуш болбогонун да ырастайт.

"Озоди" радиосу 15-августта тажик өкмөтүнө жакын булактарына таянып, Ооганстандын президенти Ашраф Гани Дүйшөмбүгө келип, бир нече сааттан кийин Оманга чыгып кеткенин кабарлаган. Ысымын жашырган бул адамдар тажик бийлиги ага абадан жол ачып берүүнү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ирандын бийлиги менен макулдашканын айтышкан.

Өзбекстанга качып өткөн ооганстандык генерал Абдурашид Дустумдун кызы Рохила Дустум "Фейсбуктагы" баракчасына Ашраф Гани отурган учак Дүйшөмбүнүн үстүндө бир нече ирет айланган соң, Оманга учуп кеткенин жазды.

Айрым булактар тажик бийлиги башында Ганинин келишине макулдугун берип, бирок акыркы убакта андан баш тартканын айтышууда.

Президент Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткенин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла ырастаган.

"Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин", - деп билдирген Абдулла.

Ооганстандын президентинин кеңсеси Ганинин кайда экенине байланыштуу расмий маалымат тарата элек.

Соңку маалыматтарга ылайык, талибдер ооган баш калаасы Кабул толугу менен көзөмөлүнө өткөнүн билдирүүдө. "Талибан" кыймылынын расмий өкүлү Мухаммед Наим "Аль-Жазира” телеканалы аркылуу Кабулдагы президенттик сарайдан "Ооганстанда согуш бүттү" деп жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG