Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Миргазы Исаков Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болду


Миргазы Исаков
Миргазы Исаков

Миргазы Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп иштеп келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Айбек Жунушалиевди дайындаган.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Бишкек шаардык кеңеши 26-августта мэрди шайлайт.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и "Эмгекке", тогузу "Ата-Журт Кыргызстанга", сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG