Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Кыргызстанда коронавируска каршы 852 476 адам эмделди


Эмдөө түйүндөрүнүн биринде. Бишкек. Май, 2021-жыл.
Эмдөө түйүндөрүнүн биринде. Бишкек. Май, 2021-жыл.

16-августка карата COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын 1-дозасын 587 441 адам алды. 264 233 киши 2-дозасын алды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта 2 184 084 доза вакцина бар.

Акыркы суткада 3676 адам коронавируска каршы эмделди.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш. Эмдөө медициналык мекемелерден тышкары эл көп чогулган жайларда, соода борборлорунда ачылган. Айылдарда медицина кызматкерлери үймө-үй кыдырып, талаага чейин барып эмдеп жатышат.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 172 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG