Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Оюн-зоок борборунда кызматкер кызга кол көтөргөн киши бир айга камалды


Кыргызстан. Бишкек. Сатуучунун бетине калькулятор ыргыткан Али Алимбаев.
Кыргызстан. Бишкек. Сатуучунун бетине калькулятор ыргыткан Али Алимбаев.

Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан Али Алимбаев аттуу жаран бир айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, столдо жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, Бишкекте кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн зомбулукка кабылган кыздын окуясын көзөмөлгө алууну өтүнө турган болгон.

Ал эми ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында нааразылык акциясын уюштурган.

Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий да ушундай эле мазмундагы билдирүү жасаган.

10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугуп, окуяны талкуулаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG