Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында акция өткөрдү


Владимир Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин астына акцияга чыкты
Владимир Жириновский Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин астына акцияга чыкты

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу анын "Телеграм" каналында кабарланды.

"Биздин чыдам кетип баратат, Орусиядагы эмгек мигранттарынын санын кыскартууну жана экономикалык байланышты басаңдатууну талап кылабыз", - деп айтылат анда.

Жириновский Бишкекте бир эркек киши орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды колундагы калькулятор менен чаап ийген окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылган.

Ал Кыргызстандык эмгек мигранттарын депортация кылууну да талап кылган.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жибергенин көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген.

Быйыл жайдын башында Ысык-Көлдө спорттук лагердин тарбиялануучусу, орус улутундагы өспүрүм бала сабалганы аныкталып, териштирүү жүргөн.

Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул окуялар боюнча өз реакциясын билдирген.

Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Жириновскийге 2013-жылы Кыргызстанда “персона нон-грата” жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган.

Ага чейин ал орус бийлигинин Кыргызстандын карызын кечишине каршы болуп, ордуна Ысык-Көлдү алыш керек деп билдирип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG