Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Бишкекте "Кыргыз жерим" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды


Сыдыкалы кызы Арууке (ортодо), Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Усубулаев жана башкалар көргөзмөнүн ачылышында.
Сыдыкалы кызы Арууке (ортодо), Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай Усубулаев жана башкалар көргөзмөнүн ачылышында.

Бүгүн 10-августта Бишкектеги “Эмен паркы” галереясында жаш сүрөтчү Сыдыкалы кызы Аруукенин “Кыргыз жерим” деп аталган алгачкы жеке сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Сүрөтчү "Азаттыкка" айтып бергенине караганда, анда Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун даңазалаган пейзаж, этюд жана натюрморт жанрындагы чыгармалар коюлду, арасында Баткенде чек ара окуясынан кийин жеринен тартылган сүрөттөр да бар. Чыгармалар реализм стилинде тартылган:

"Кыргыз жеринин ар кайсы облустарында тартылган сүрөттөр коюлду. Ошондуктан "Кыргыз жерим" деп атадык. Түрдүү өлчөмдөгү 100 сүрөт. Келечекте чыгармачылыгымды өркүндөтүп, башка да жанрларда тартсамбы деген тилегим бар".

“Кыргыз жерим” көргөзмөсүн уюштурууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жардам берди. Жаш сүрөтчүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында былтыр экс-президент Роза Отунбаева ага Орусиянын белгилүү көркөм музейлерин кыдырып, чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышуусуна көмөк көрсөткөн.

Устаты Сүйүтбек Төрөбеков менен.
Устаты Сүйүтбек Төрөбеков менен.

26 жаштагы сүрөтчү Жалал-Абал облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айыдында туулган. Жалал-Абад шаарындагы көркөм сүрөт мектебинде, Бишкектеги Тургунбай Садыков атындагы академияда билим алган. Бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Учурда академияда эмгектенет.

"Кыргыз жерим" көргөзмөсү 31-августка чейин уланат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG