Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Казакстанда коронавирустан бир суткада 107 киши өлдү


Нур-Султан шаарындагы коронавирустан дарылаган борбор. 6-август, 2021-жыл.
Нур-Султан шаарындагы коронавирустан дарылаган борбор. 6-август, 2021-жыл.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирустан 107 киши көз жумду, вирус дагы жети миңден көп адамдан табылды. Кошуна мамлекетте коронавирустун «Дельта» түрү кеңири жайылып жатат. Вирустун бул штаммы менен ооругандар жаштар арасында да көп болууда.

Ал эми 9-августа карата бул илдетке каршы вакцинанын биринчи дозасын 5,8 миллион киши алды. Толук эмделгендердин саны 4,44 миллиондон ашты.

Казакстанда негизинен Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасын сайып жатышат. Ошондой эле жергиликтүү QazVac жана кытайлардын CoronaVac вакциналарын да колдонушууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG