Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

COVID-19: АКШда ооругандар көбөйдү


Коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдүн медкызматкери. АКШ.
Коронавируска чалдыккандарды дарылаган бөлүмдүн медкызматкери. АКШ.

Коронавирустун "дельта" штаммы тез тарап жатканына байланыштуу Кошмо Штаттарда илдетке чалдыккандардын саны өстү. Ооруканага түшкөндөр да көбөйдү.

Июль айында жогорку көрсөткүчтөр вакцинация жай жүргөн гана аймактарда катталса, азыр дээрлик баардык штаттарда коронавирус жайылып жатат. Өзгөчө Арканзас, Флорида, Луизиана жана Миссисипи штаттарында кырдаал курч.

Бир суткада вирусту жуктургандардын орточо эсеби 110 миңден ашып жаткан болсо, соңку эки аптада бул сан эки эсе жогорулады. 65 миң адам ооруканада, күнүнө 500дөй киши коронавирустун айынан көз жумуп жатат. Бул эки аптага караганда 100% көп.

Каза болгондордун жана ооруп калгандардын көбү вакцина албагандар. АКШда 12 жаштан жогорку курактагылардын 60% эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG