Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Асланбек Сартбаев УКМКда төрт саат сурак берип чыкты


Асланбек Сартбаев
Асланбек Сартбаев

"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 9-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине төрт саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Журналистти 9-август күнү саат 17:00гө атайын кызмат күбө катары чакырган. Айрым маалымат каражаттары Сартбаевди атайын кызматтын адамдары үйүнөн алып кетишкенин жубайына таянып жазып чыгышты.

УКМК Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганын мекеменин басма сөз кызматы 7-августта кабарлаган. Журналисттин интернетке жарыялаган материалынын мазмуну тиешелүү экспертизадан өткөрүлөрү кабарланган.

Аслан Сартбаев "Фейсбуктагы" баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкерлери менен сүйлөшүп отурган сүрөтүн өзүнүн комментарийи менен жарыялаган. Анын сөзү соцтармактын айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG