Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Салык кызматы: 60 бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду


Кара-Балтадагы мал базар. 2018.
Кара-Балтадагы мал базар. 2018.

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстанга 60 баш бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлганын билдирди.

Салык кызматы тараткан маалыматка ылайык, тиешелүү документтери жок үч жүк ташуучу унаа кармалган. Анда 150 миң рубль турган 20 даана авто дөңгөлөк жана суммасы 1,5 млн рубль турган 60 баш ири мүйүздүү мал болгон.

Андан сырткары документи жок 6 тонна коон жүктөлгөн 2 жүк ташуучу автомашина кармалган.

Салык кызматы 2021-жылдын жети айында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден мыйзамсыз товар ташылып келинген 1083 учур катталганын билдирет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG