Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ишкерлер Жапаровду экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырды.

“Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы” уюму 10-августта президентке жолдогон кайрылуусунда ишканаларды жасалма банкрот кылып, рейдерлик жол менен басып алууга, ишкерлердин көмүскөгө качышына, бизнес жүргүзүү шарттарынын начарлашына жана мекемелерде жемкорлуктун көбөйүшүнө жана башка терс таасирге алып келе турган бул долбоор кабыл алынбашы керектигин билдирди.

Уюмдун пикиринде, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптар катыша алгыдай талкуудан өткөрүү үчүн кайра артка жөнөтүлүшү зарыл.

Экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуусун мурдараак Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит да белгилеген.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик акт өзгөртүлүп, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында 1,7% төмөндөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG