Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Бизнес-акыйкатчы: Экономикада өзгөчө кырдаал жарыялоо терс таасир бериши мүмкүн


Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.
Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдө экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

29-июлда бизнес-омбудсмен бийликтин мындай демилгесине байланыштуу билдирүү таратып, сунуш кылынып жаткан чаралардын ачыктыгы жана негиздүүлүгү суроо пайда кылганын белгиледи.

Ошону менен катар ал кайсы гана өлкө болбосун, бардык тараптардын катышуусу менен талкуу өткөрбөстөн шашылыш түрдө кабыл алынган мыйзам долбоору тобокелчиликтерди жаратарын кошумчалады.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык комитетинде биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөнү 28-июлда маалым болду. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик акт өзгөртүлүп, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат.

Кыргызстандын экономикасы жарым жылдын расмий жыйынтыгында1,7% төмөндөдү. (RK)

XS
SM
MD
LG