Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Талас облусунун казысы болуп Сулумбек Узеналиев дайындалды


Сулумбек Узеналиев.
Сулумбек Узеналиев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин буйругу менен Сулумбек Узеналиев Талас облусунун казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Талас облусунун казысы болуп 2006-жылдан бери иштеп келген Таалайбек Бапиев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз берген. Муфтий ага "Ардактуу казы" наамын ыйгарган.

Сулумбек Узеналиев 2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим болуп иштеген.

2021-жылдын 26-июнунда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бекитилген.

Узеналиев 44 жашта. Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" Ислам институтунун шарият факультетинде, андан соң Горган шаарында билимин жогорулаткан. Бишкек Гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинде магистр бөлүмүн аяктап, учурда И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде аспирант бөлүмүндө окуйт. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG