Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Коронавирустан дагы 13 адам көз жумду, 930 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-июлдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 13 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2306 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 930 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (528) жана Чүй облусунда (142).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 161 015ке жетти.

Бир күндө 1450 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3746 адам жатат, дагы 12 164 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG