Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Жол кырсыктары: кургак статистиканын артындагы трагедия


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл алты айда Кыргызстанда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болду. Адистер тынч заманда ушунча кишинин өмүр менен кош айтышып жатканы камтама кыларын, мындай трагедияларга жол эрежелерин бузуу, айдоочулардын маданиятынын жоктугу, автомектептердин начар сапаты алып келип жатканын айтышат.

"Балыкчыда турушчу. Жакында кичинекей машине сатып алып, дүкөндөргө тоок фермасынан жумуртка өткөрүп, балдарын багып жатышкан. Жакшынакай эле жүрүшчү. Эми жөн эле жолдо келатып ушундай кырсык болбодубу. Ошол жерден эле мүрт кеткен окшойт. "Тез жардам" келгенде кеч болуп калыптыр. Үч баласы тең машинеден учуп кеткен".

33 жаштагы Аида Уметалиеванын апасы көз жашын тыя албай ушуларды айтып берип отурду. Маркум июндун башында эки кызы менен жол кырсыгында каза тапкан. Алардын Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун четинде турган машинесин "Мерседес" сүзгөн. Баштапкы маалыматка караганда, ал унааны айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалындагы адам башкарып келаткан.

Ички иштер министрлиги тараткан кургак статистканын артында ушундай боздогон, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөр турат.

Расмий маалымат боюнча, быйыл биринчи жарым жылда Кыргызстанда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болду. Өлгөндөр арасында 35 жашы жетелек бала бар. Дагы 5000 адам жаракат алды. Бул сандар былтыркы ушул эле мөөнөт менен салыштырмалуу дээрлик 40% көп.

Акыркы күндөрдөгү үрөй учурган автокырсыктардан улам Ички иштер министри Улан Ниязбеков жыйын өткөрүп, ишинде кемчилик кетирген кызматкерлер жумуштан эле айдалбай кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Министр Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына үч кезмет менен иштеп, ар бир айылга кызматкерлерди коюу тапшырмасын берди. Мас болуп жана маңзат колдонуп машина айдагандарга катуу чаралар көрүлөт.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине мас айдоочуларды аныктоо үчүн текшерүүнү күчөтүүнү, айрыкча Ысык-Көлгө кошумча күч тартууну тапшырган.

"Канчалаган жарандарыбыз үй-бүлөсүнөн ажырап жатат. Анын арасында жаштарыбыз, карыларыбыз бар. Интернеттен андай окуяларды окуп коюп, жеңил кабыл алабыз. Ар бир өлүмдүн, жоготуунун артында канчалаган кайгы, чакалаган көз жаш бар. Канчалаган жарандарыбыз майып болуп калууда. Жолго жүрөрдүн алдында биз балдарыбызга болгон акыл-насаатыбызды айтсак", -деди шаршембиде парламенттин жыйынында депутат Бакирдин Cубанбеков.

Анын айтымында, автокырсыктардын көбөйүшүнө машинени катуу ылдамдыкта айдоо, кайдыгерлик, спирт ичимдиктерин ичип алып рулга отуруу өңдүү жол эрежелеринин сакталбашы алып келүүдө.

"Акыркы 15-20 жылда көптөгөн автомектептер ачылып атат. Алар тийиштүү деңгээлде окутпайт. Башында каттап коюшат, аягында МАИге барып, күбөлүк алып алышат. Өкмөткө ушул маселеге көңүл бурсак деп кайрылат элем. Алып аткан лицензияларды текшерсек. Кимдер окуп атат, кантип окуп атат?".

Автомектептердин сапатына, айдоочулук күбөлүк берүүдөгү көйгөйлөргө алдыңкы күнү Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын ардагерлери да кайрылышкан:

"Кыргызстанда айдоочуларды даярдаган 235 мектеп болсо, ошолорду текшергенде 135и талапка жооп бербейт экен. Автодрому жок болсо, кантип айдаттырып, үйрөтмөк эле? Формалдуу документ түзүп коюп, ошонун негизинде Билим берүү министрлиги лицензия берип атат. Көзөмөл жок. Экзаменге келгенде биринчи жолкуда өтө алышпайт. Кайра-кайра тапшырып күбөлүктү эптеп ар кандай жолдор менен алышат. Аягы келип жолдогу тартиптин, маданияттын жоктугуна алып келет", - деп айтты Калыс Темиров.

Ардагерлер жолдордун, машинелердин сапатына, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн тиешелүү органдардын ишин жакшыртуу маселесине да токтолушту.

Бишкек шаарынын тургуну Алима (аты өзгөртүлгөн) мындан 5 жыл мурун машине айдаганды үйрөтүүчү автомектептердин бириндеги курстарды аяктап атканда экзаменди өз күчүңөр менен тапшырасыңар, акча алмай жок деп айтышканы менен, иш жүзүндө башкача болуп чыкканын, бир жарым миң сомдон чогултушканын айтып берди.

"Биринчи күнү эле экзамен тапшырганы киргенде, компьютерди карматып коюшат экен. Ошол жакта иштегендер суроолорго өздөрү жооп беришет. Өз күчүм менен кылам десең, жакшылап жаттап, даярдансаң, тестиңди жакшы тапшырсаң деле практика жагынан кулатышат, кийин кел дей беришерин башкалардан угуп калдым".

Албетте, бардык эле автомектептерде сынактан өтүү үчүн акча алышат деген ойдон алыспыз. Бирок Алиманын айтымында, андан кийинки жылы окуган курбусунан 3 миң сом, кийин сиңдисинен 5 миң сом алышкан.

“Биз ар кайсы мектептерде окуганыбыз менен, система бирдей болуп чыкты”, - дейт Алима.

Ал эми “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова даярдоодон тышкары айдоочулардын маданиятын көтөрүү керектигине басым жасайт:

"Жол кырсыктарынын көп болуп жатканы айдоочулардын жоопкерчилиги, тартиби, маданияты таптакыр жок дегенден кабар берет. Муну биз көп жылдан бери айтып келатабыз. Тилекке каршы, маданият калыптанбай жатат. "Коопсуз шаар" деп Бишкек менен иштегенибиз менен, чет жакка чыгары менен, айдоочулар эми камералар жок, эми эрежени буза берсек болот, эми ылдам, каалагандай айдай беребиз дешет. Токтотсо да андан кутулабыз деген аң-сезимден арыла албадык".

XS
SM
MD
LG