Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Үсөн Сыдыков турмушунда күрөшчүл адам эле


Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Үсөн Сыдыков 28-июлда 78 жаш курагында оорудан каза болду.

Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Совет мезгилинен кадыр топтогон кадр

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган.

1965-жылы Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы "Арал" совхозунда агроном болуп баштаган.

1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, экинчи катчысы болгон.

Үсөн Сыдыков.
Үсөн Сыдыков.

1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеген.

1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР Мамлекеттик агроөнөржай комитетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары, 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы болду.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев совет доорунун соңку жылдарында Ошто жогорку партиялык кызматтарда турган Сыдыков аймакта кадыр баркка ээ болгонун айтып берди.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

“Үсөн Сыдыковдун аброю жогору болчу. Себеби, Кара-Суу деген чоң райондон өзүн көрсөтө алды. Чогуу депутат болуп иштедик. Мамлекеттик агро өндүрүштүн төрагасы, өкмөт башчынын биринчи орун басары, совет мезгилинде депутат болду. Кыскасы, көп жылдан бери билем. Кийин саясатка аралашып кетти”.

Үсөн Сыдыков 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстандагы соода өкүлү, 1993-1995-жылдары "Кыргыз дан азык" акционердик коомунун төрагасы, 1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргызстан боюнча орун басары, 2005-2006-жылдары президенттик администрациянын жетекчиси болуп эмгектенген.

1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болгон.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Бакиевди бийликке алып келген таржымалы

Сыдыковдун эгемен жылдардагы активдүү саясий таржымалын эскергендер 2005-жылы бийлик алмашуудагы анын кадыр-баркынын ролун белгилешет.

Ал 2004-жылы күзүндө ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигине оппозиция болгон "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы болуп турду.

24-март, 2005-жыл. Архивдик сүрөт.
24-март, 2005-жыл. Архивдик сүрөт.

Бул кыймылда чогуу жүргөн парламенттин экс-депутаты Исмаил Исаков “Жоогазын ыңкылабынан” кийинки президенттин аныкталышына кошкон салымына токтолду.

“Эгерде Үсөн Сыдыков болбогондо Курманбек Бакиев президент болмок эмес. Муну ошол командада жүргөн киши катары айтып жатам. Анткени, кадыры менен биздей кишилерди айланасына топтоп, “ушу баланы колдоп, алдыга жылалы” деди. Бакиев эмес, Сыдыковду сыйлаган үчүн анын президент болушуна мүмкүнчүлүк бергенбиз”, - деди Исаков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Акаевдин бийлигин кулатууда Сыдыковдун эмгегин эч ким тана албастыгын кошумчалады.

"2005-жылдагы март окуясын мындай айтсак болот “революциянын атасы Сыдыков, апасы Отунбаева болгон”. Акаев менен күрөштө бир гана түштүк эмес, бардык саясатчынын башын бириктирген”.

Бакиевдин тушунда таасирдүү фигурага айланган

Чынында, саясий айдыңда “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү саясий окуяда Курманбек Бакиевдин тактыга отуруп калышына себепчилердин бири Үсөн Сыдыков экени айтылып келет. Бакиевдин тушунда президенттин администрациясын жетектеп, кийин кеңешчи болуп турганда өлкөдө таасирдүү саясий фигурага айланат. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бектур Асанов мындай деди:

“Бакиевдин тушунда бул кишини аксакал катары сыйлап, сөзүн укчубуз. Аябай таасирдүү болгон. Мындай адамдарды ар кандай сөз ээрчийт. Ошол эле "серый кардинал" деп жүрүштү”, - деди Асанов.

Сыдыковду ээрчиген сын-пикирлер

Замандаштары Үсөн Сыдыковду коммунисттик партиянын тарбиясын көргөн, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбалуу, уюштургуч адис экенин баса белгилешет. Ошону менен катар эле айрым жагдайлар боюнча сын-пикир коштолуп келет. Маселен, 1990-жылдардагы Ош окуясындагы чырда аты аталган. Сыдыков тирүү кезинде “Азаттыктагы” маегинде мындай жооп берген:

“Кольниченко деген башкы прокуратуранын иликтөө башкармалыгынын башчысы бар эле, мен анда союздун депутаты болчумун. Мен жөнүндө маселе баары бир козголот деп ага арыз менен кайрылгам. Менин бала-чакама кара так калбасын, күнөөм болсо менин үстүмөн иш жүргүзүүңүзгө каршы эмесмин деп. Иликтөө бир гана бүтүмгө келген: мамлекеттик органдардын бул маселеге эч кандай тиешеси жок деген”, - деп билдирген Сыдыков.

Чуулуу аудио тасманын таралышы

2010-жылы Апрель окуясынан кийин мамлекеттик телеканалдардан "Жаңы Кыргызстан" партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун үнү делген телефон сүйлөшүүлөр эфирге берилген. Жыйырма мүнөттөн ашык аудио тасмада облустук бийлик имараттарын ээлеп алуу, кайсы жерге кимди дайындоо тууралуу сөз болгон.

Буга байланыштуу Үсөн Сыдыков токсонго жакын адамдын өмүрүн алган Апрель окуясынан кийин 2010-жылдын май айында өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган. Анда жарым жылдан ашык сот болуп, шарттуу кесилген. Бул кылмыш ишинде кошо суралган саясатчы Исхак Масалиев мындай деди.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Убактылуу өкмөттүн арзыматтары “Масалиев сүйлөшүптүр, бийликти алам” деди деген аракет болгон. Мен Жогорку Кеңештин депутаты болгом. Соттун чечимдеринде баары мыйзамдуу деп турат. Ал эми Сыдыков телефон чалып, “Ошто окуя болуп жатат, уктуңбу, мен баратам” деди. Эч кандай бийликти басып алуу деген ой болгон эмес”.

Сыдыков менен чогуу иштеген, саясатта тарапташ, каршылаш болгон замандаштары акыркы жылдарга чейин өлкөдөгү саясий абалдын күрөө тамырын сезген адам катары эскеришет. Аны жакындан билген белгилүү журналист Абдувахаб Мониев айрым саясатчылар кеңешип турган аксакал саясатчы болуп калганын айтты.

“2005-2010-жылдары. Андан кийинки дагы саясаттан кеткен жок. Ошол жылдары Сыдыковдун курагындагы адамдар жылуу жумшак үйүндө отурган. Бул киши саясатта жүрдү. Турмушунда күрөшчүл адам экен. Ага аксакал катары келип, кеңешин алып жүрүштү”, - деди журналист.

Үсөн Сыдыковдун саясаттагы баскан жолун бир кылка пикирге топтой албайсың. Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бул токсонунчу жылдардагы саясатчыларга мүнөздүү көрүнүш экенин белгилейт.

“Ал киши жөнүндө ар кандай пикир айтылат. Аны калп же чын деп айта албайм. Азыр учур ушундай, сөзсүз жаман да, жакшы дагы пикирлер айтыла берет. Болгону адам катары сапаты жакшы болгонун айта алам”.

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун жакындары учурда саясатта жүрүшөт. Баласы Бактыбек Сыдыков 2015-жылы "Республика – Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген.

Сыдыков 2007-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда "Манас" аэропортунда директорлук кызматты аркалаган. Ал эми небереси Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин өткөн чакырылышында "Республика – Ата Журт" фракциясынан депутат болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG