Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Сыдыков менен Масалиевге оор жаза суралды


Ош шаарынын борбордук аянтындагы тополоң, 2010-жылдын 14-майы.
Ош шаарынын борбордук аянтындагы тополоң, 2010-жылдын 14-майы.

"Бийликти күч менен тартып алууга аракеттенген" деп айыпталган Исхак Масалиевди 14 жылга, Үсөн Сыдыковду 18 жылга эркинен ажыратуу суралды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 21-февралдагы отурумунда мамлекеттик айыптоо ушундай жаза мөөнөтүн сураган бул эки саясатчыга тең бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган, калайман тополоң уюштурган деген оор күнөө тагылууда. Бирок айыпталып жаткандардын жактоочулары алар саясий куугунтуктоого кабылды деп эсептешет.

Оор айыптоо, чабал далилдер

Сотто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевге, мурдагы президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковго жана анын жардамчысы Керим Макеевге өткөн жылы май айында өлкөнүн түштүк облустарында башаламандык уюштурган жана бийликти күч менен тартып алууну көздөшкөн деген кине койулду. Бирок айыпталуучулардын жактоочусу Кайрат Загибаев мамлекеттик айыптоо сотто тийиштүү далилдерди келтире албагандыгын белгиледи:
Үсөн Сыдыков

- Сөз жарышында мамлекеттик айыптоо төңкөрүш, же башаламандыкка бул адамдардын тиешеси болгондугуна байланышкан далилдерди келтире алган жок. Бир айдоочу күбө болуптур дешкен менен, аны таап сотко алып келе алышкан жок. Жанагы Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун 48 секунд сүйлөшкөндүгүн бетке кармашат. Бирок анда кандайдыр бир аракеттер туурасында сөз жок да. Деги өзү 48 секундда төңкөрүш уюштурууга болобу?


“Куйругу” ачылган кутумчулукпу
?

Өткөн жылы май айында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын акимчиликтерин басып алуу аракеттери болгон эле. Бул учурда мурдагы администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун бир катар адамдар менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен. Анын ичинде экс-депутат Исхак Масалиев менен да саясий кырдаал туурасында сөздөр орун алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев ошол учурда реваншисттик күчтөрдүн бийликти кайтарып алуу аракеттери болгондугун айтып, буга катышы бар адамдар жазаланышы керек деп эсептейт:

- Эми ошол учурда конкретүү фактылар болду да. Мына ошолор сотто далилденсе, анда ага катышы бар адамдар сөзсүз жазасын алышы керек. Чынында ошол учурда контревлоюциялык күчтөр ар кандай аракеттерди көрүшүп, бийликти кайрадан колго алууга болгон окуяларды азыр эч ким унута элек. Мына ошол адамдар аркылуу иш-аракеттер болгондугун ошондогу сүйлөшкөн сөздөрүнөн деле байкаса болот да.

Саясий тирешүүнүн жыйынтыгы

Анткен менен айыпталуучу тарап койулган күнөөнү четке какты. Алар өздөрүнүн аракеттеринде башаламандыкты уюштуруу же мамлекеттик бийликти басып алуу ниеттери болбогондугун белгилешти.

Исхак Масалиев
Экс-депутат Исхак Масалиев өзүнө коюлуп жаткан оор айыптоону саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды:

- Негизги саясий себеп бул – ошондогу парламентти толук таркатуу аракети. Ага чейин Жогорку Кеңеш декрет менен тарктатылган. Бирок депутаттар кайра жыйнала башташты да. Мына ошол жерде негизги аракеттерди жасаган Исхак Масалиев болгон. Ошондуктан мени камагандан кийин парламент иш жүзүндө толук таркаган. Мына ошондуктан бул менин саясий ишмердүүлүгүмдү чектөөгө багытталган саясий иш болчу.

Өткөн жылы май айындагы башаламандыктарды уюштуруу жана мамлекеттик бийликти тартып алуу аракеттери боюнча сот иши 4-мартта уланып, ошол күнү өкүм чыгаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG