Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

“Легитимдештиргичтердин” икаясы


Жарык көргөн гезиттердин баары Үсөн Сыдыковдун жалпы журтка шардана болгон телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн толугу менен жарыялап чыгышты.
Жарык көргөн гезиттердин баары Үсөн Сыдыковдун жалпы журтка шардана болгон телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн толугу менен жарыялап чыгышты.

Гезиттер эмне дешет?


Жарык көргөн гезиттердин баары Үсөн Сыдыковдун кыргыз элин кызыл кыргын кылгысы келген кутумчулугун же телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн толугу менен жарыялап чыгышты.

“Кыргыз туусу” гезити Улуу Британия жардам берүүгө даяр экенин билдиргенин парламенттик топтун төрагасы лорд Вейверли Джон-Десмон менен Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын жолугушуусунда айтылды деп кабарлады.

Журналист Мырзакат Тыналиев “Легитимдештиргичтер кимдер?” деген макаласында мына ушул “паранжыга” жамынган, 2007-жылдагы шайлоодо жалаң бурмалоо жолу менен добуш жыйнаган акжолчулардын өздөрү легитимсиз экенин, ансыз да кыйын кырдаалды Үсөн Сыдыков баш, Исках Масалиев төш болушуп, жалаң “акжолчулар” менен коммунисттерден турган парламент бакиевдер менен Түлеевдин акчасына таянып алып жасаганы ачыкка чыкканын белгилөө менен “мындай аракеттин анык максаты – К. Бакиевдерди кайрадан бийликке алып келүү болгону жанагы Феликс Куловго жана өкмөттүк эмес уюмдардын башчыларына окшогон “легитимдештиргичтерге” эми түшүнүктүү болду окшойт” деп жазды.

“Кыргыз туусу” андан ары “ошентип “акжолчулардын” мурдагы бийликти орнотуу аракети таш капты” деп, “УТРК Коомдук телерадиоберүү корпорациясы болуп кайра түзүлдү” деп, “17-майда Акмат Бакиев жетектеген Сали-Ата фирмасынан бир топ курал-жарактар табылып, тергөө жүрүп жатат, өткөн тополоңдо Сузактын Тейит айлындагы Каныбек, Жусупбек, Абдывасит Бакиевдердин үйлөрү белгисиз адамдар тарабынан өрттөлүп кеткен” деп, “Үсөн Сыдыковду кармаган милийсалар сыйланды” деп кабар таратты.

Ушул эле санга Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары, финансы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин “Кабатыр болбогула, каржылоодо кооптонуу жок” деген аталыштагы маеги басылып, Темир мырза бүгүнкү күндө ички ресурстарды абдан оптималдаштыруу жүрүп жатканын, текшерүү органдарын кескин кыскартуудан үнөмдөө жолу менен 600 млн. сом алынып, мурдагы бийлик самолет сатып алгысы келген 204 млн. сом казынага кайтарылганын сөз кылган.

Темир Сариев эл жөнүндө сөзүндө “Кыргыз мындан кыйын замандарда да экиге бөлүнгөн эмес. Барып турган эң тайкы саясатчы гана К. Бакиевди бийликке кайра алып келем дейт. Бүт Кыргызстан каргап жаткан бийликти кантип алып келүүгө болот?” деп айтты.

Буларды сиздер толугу менен бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Алиби”
гезити Баш мыйзам боюнча өз оюн ортого салган эркин журналист Үсөн Касыбековдун макаласын сунуштады. Гезит кабарчысы Машакбай Рахманкуловдун “ГКЧПбы же Быкы-Чыкыбы?” аттуу макаласы бакиевдердин колунан ажал тапкан 86 жигиттин кыркылыгы өтүп жаткан күнү кайрадан Бакиевдерди бийликке алып келгиси келген Түлеевдин акчасына алдангандар 12-май күнү аянтка чыгып, эл кысымга алгандан кийин качып тарап кеткенине, Сыдыковдун арам ою ишке ашпай калганына кенен токтолгон.

Ушул эле басылма Казакстандагы “Адилет” партиясынын вице-президенти Серик Абдрахманов Кыргызстандагы кырдаал жөн жерден курчубаганын, Бакиев элдин кыжырын кайнаткандан улам төңкөрүш болгондугун баса белгилеп, учурда кыргыздардын революциялык деминен Казакстан сестенип турганын, чек араны жаап салуу туура эмес болгонун айтты деп маалымдады.

Серик мырза сөзүнүн аягында: “..30-жылдары казак калкын ачкачылык каптап, кырылып атканда кыргыз эли эшигин ачып койгон. Менин ата-энем кичине кезинде ошол кыргызга барып күн көргөн” деп билдирген.

Бирок боордоштор “аш менен тосконду таш менен уруп жатабы?” жеп суроо койду “Алиби” гезити.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Артка жол жок” аттуу макаласы менен жаңы санын ачты. Макалада Бакиевдин кандуу бийлигин кайра орноткусу келгендер жана алардын башында турган Үсөн Сыдыковдун буга чейинки ишмердүүлүгү иликтөөгө алынган.

Аталган гезит ачылбай келаткан казак-кыргыз чек арасына токтолуп, Тараз шаарында азык-түлүктүн баасы болуп көрбөгөндөй кымбаттап, эттин бир килограммы 350 сомго чыкканын, жамбылдыктар жаалданып, ансыз да казак оппозициясынын катары калыңдап баратканын, учурда Нурсултан Назарбаевдин ушинтип чек араны жаап салышы өз элинин башына муш болуп тийип жатканын маалымдады.

Гезит ошону менен бирге эле кечээ Жалал-Абадга эч ким губернатор болгусу келбей турганда, кызмат кылып берүүгө белин бекем бууп келген Бектур Асанов мырза чечүүчү кезде “Мен Убактылуу өкмөттү аягына чейин колдойм” деп көкжалдык кылганына, кыргыздын миңдеген жигиттерине үлгү болуп, “эртең бакиевдер келсе кантем?” деп коңулда жаткан суу жүрөк кошоматчылардын маңдайына кагылган мык болгонуна басым жасаган.

Ушул эле бетте “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракунов 55 миң калкы бар Ат-Башыны гана эмес, Россияда жүргөн 1 млн. кыргызга ар тараптуу көмөк көрсөтүп келатканы эле анын кадырын бийиктетип турганын кабарлады.

Белгилүү ойчул, парапсихолог Мелис Каырбековдун кыргыздын аттуу-баштуу бир топ жигиттерине берген баасы да ушул сандан баштап жарыялана баштады.

Аталган басылма кечээ күнү өткөн эскерүү жыйынына макалалардын топтомун тартуу кылды. Анда: “Мансапка, байлыкка көпкөн бакиевдер өз элин кан жуткуруп, 89 баланын өмүрүн кыйды. 17-апрель күнү 7-апрелде революционерлердин 1-каны төгүлгөн “Медиа-Форум” имаратынын алдында кандуу окуянын баатыр каармандарына эстелик тургузулду” деп, мунун артынан жыйын алдында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ант бергенин шардана кылды.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева: - Биз келечекте күчтүү мамлекет кура алабыз,-деп,

Өмүрбек Текебаев: -Кудай буюрса, Кыргызстан Орто Азиядагы эң демократиялуу, эң өнүккөн өлкөгө айланабыз. Керек болсо биз дүйнөнү өзгөртөбүз,-деп,

Алмазбек Атамбаев:
- Кыргыз калкы эч качан акчага сатылбайт. Кыргыз калкы эч качан эч кимдин алдында чөгөлөбөйт. Жаңы өкмөттү улам-улам шыбап, ар кандай ушак-айыңдарды таратып жаткандардын арам ойлору ишке ашпайт. Жаңы өкмөт эч качан кулабайт, анткени артында эл турат.

Урматтуу элим! Биз силерге ак иштеп бергенге ант беребиз! Эгер биз уурдасак, бизди Кудай урсун! - деп айтышкан.
XS
SM
MD
LG