Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Күтүлүп, күтүлбөгөн сот өкүмү


Мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу жана башаламандык уюштуруу боюнча айыпталган Кыргызстан коммунисттер партиясынын баш катчысы Искак Масалиев акталды. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков жана Керим Макеев ар кайсы мөөнөткө шарттуу түрдө кесилишти.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Искак Масалиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу актоо өкүмүн чыгарды. Ошол эле учурда аны менен бирге мамлекеттик бийликти күч менен тартып алууну уюштурган деп шектелген Үсөн Сыдыков бир жыл сыноо мөөнөтү менен алты жылга шартуу түрдө эркинен ажыратылды.

Сотко төрагалык кылуучу Кымбат Архарова бул өкүмдү бир катар жагдайлар менен негиздеди:

- Соттолуучу Үсөн Сыдыковго жазанын түрүн жана өлчөмүн аныктоодо сот ал тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнүн коомдук коркунучунун деңгээлин эске алып, ал адамдын жаш курагын, саламаттыгынын начардыгын жана мурда соттолбогондугун көңүлгө алуу менен өкүм чыгарды. Мындай жаза чегерүү анын оңолушуна таасири боло тургандыгын белгилөө менен, сот аны коомдон бөлүп кармоонун зарылчылыгы жок деп табат.

Саясат барбы?

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош облусу боюнча координатору
Керим Макеевге бир жыл сыноо мөөнөтү менен төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасы чегерилди. Үсөн Сыдыков менен К. Макеев кылмыш жаза кодексинин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча акталышып, башаламандыкты уюштуруу аракеттери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Үсөн Сыдыков аларга карата чыгарылган өкүмдү саясий буйрутма катары мүнөздөдү:

- Соттун кыйналып жатып чечим чыгарганына караганда бул иштин буйрутма экендиги көрүнүп турат. Соттор да кээде өздөрүнүн эркиндеги нерсени жасай албай калган учурлар болот. Башка учурлар болот дегендей. Эми ушундай өкүм чыккандан кийин анын чечимине баш ийебиз.

Оор айып, жеңил жаза

Буга чейин мамлекеттик айыптоо Үсөн Сыдыковго он сегиз жыл, Искак Масалиевге он төрт жыл жана Керим Макеевге он жыл эркинен ажыратуу жазасын чегерүүнү соттон суранган болчу.

Укук таануучу Кубатбек Кожоналиев "жасалган жосундун оордугуна карабастан сот өкүмү гумандуу чыгарылды" деп сыпаттады:

- Булардын сүйлөшкөнү массалык маалымат каражаттарында чыгып кетпеди беле. “Тигини чогулта кой, муну чакыра кой” деп уюштурушуп. Ошол эле Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов менен сүйлөшкөндөрүн элдин баары угушпады беле. Мына ошондон улам буларга оор кылмыш тагылган. Бирок мына ошого карабастан сот буларга боорукердик жасап, шарттуу түрдөгү эле жазаны чегерип жатат. Бул жерде өкүмдүн оор же жеңилдигинде маселе жок. Маселе 68 жаштагы аксакал болуп, балдарга акыл айта турган куракта мына ушундай иш боюнча сот залында отурганда. Эл өзү тараза, эл өзү буга баа берет болуш керек.

Ошол эле учурда актоочу Кайрат Загибаев далилдер жок болгондугуна байланыштуу айыпталуучулардын бардыгы толук акталыш керек болчу деп эсептейт. Ошондуктан ал Биринчи Май райондук сотунун өкүмү боюнча жогорку инстанцияга даттаныша тургандыктарын белгиледи.

Өткөн жылы 12-14-майдагы өлкөнүн түштүк аймагындагы мамлекеттик администрацияларды басып алуу окуясы боюнча ишти тергөө жана соттук териштирүү жалпысынан он айга созулду.

Тасмада: Масалиев жана Сыдыков боюнча чечим чыкты

Масалиев жана Сыдыков боюнча чечим чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

XS
SM
MD
LG