Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты.
Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты.

Бишкекте ушу тапта мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта уюштурулган коштошуу иш-чарасына бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттик администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башкалар катышууда.

Өз сөзүндө парламент төрагасы Мамытов “Үсөн Сыдыков жашоосун мазмундуу, маңыздуу жана өрнөктүү өтөгөнүн” белгиледи.

Башкы министр Марипов маркум өзү өтсө да жасаган эмгеги жашай берерин айтты.

Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте 78 жаш курагында каза болду. Ал 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетектеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG