Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды


Үсөн Сыдыков. 2012-жыл.
Үсөн Сыдыков. 2012-жыл.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары тастыктап, ал “бир аз ооруганын” билдиришти. Алардын айтымында, коштошуу зыйнаты 29-июлда Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта өтөт.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Сыдыков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болгон.

2010-жылдын 14-майында өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG