Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Кербен шаарынын мэрин шайлоого төртүнчү жолу мүмкүнчүлүк берүү каралууда


Аксы району, Кербен. 7-октябрь, 2020-жыл.
Аксы району, Кербен. 7-октябрь, 2020-жыл.

Кербен шаардык кеңешинин депуттары шаар мэрин төртүнчү жолу кайра шайлоого мүмкүнчүлүк берилгенин айтып чыгышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков БШК ушундай чечим кабыл алгандыгы тууралуу ооз эки айтылганын, азырынча бул чечимге кол коюла электигин “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Шаар мэрин шайлоого төртүнчү ирет мүмкүнчүлүк берүү боюнча БШК мүчөлөрүнүн чечимин азырынча юристтер карап жатат, эгер чечим кабыл алынса 7-августка шайлоо дайындалышы мүмкүн”,- деди Шадыбеков.

Буга чейин аталган шаардык кеңеш депутаттары үч жолу мэрди шайлай алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG