Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Аткезчиликке каршы уюшулган элдик кошуундун мүчөлөрү суракка чакырылды


Чек арадагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкердин дүкөнү. 2021-жылдын май айы.
Чек арадагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкердин дүкөнү. 2021-жылдын май айы.

Баткенде өз алдынча уюшулган элдик кошун мүчөлөрүнө "майда бейбаштык" жана "бөтөн мүлктү жок кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө деди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова.

Анын айтымында, Баткен районунун Ак-Татыр айылында Ош-Исфана автожолунда элдик кошундардан түзүлгөн топтун мыйзамсыз аракеттери боюнча даттануу болгон. Алар жүк алып бараткан айдоочуларды токтотуп, аткезчилик менен Тажикстандан чыккан деп үч тоннадай жүзүмдү жок кылып жиберишкени айтылууда.

Баткендин Ак-Татыр айылынын тургундары болсо, Тажикстанга мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармап, тиешелүү кызматтарга жардам бергенине карабай, укук коргоо кызматтары суракка чакырып жатат деп даттанды.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыккан. Анда Кыргызстандын 36, Тажикстандын 19 жараны каза болгон. Бул окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек араны убактылуу жапкан. Жаңжалдан соң чектеш аймактарды жоокерлер менен кошо элдик кошуундар да көзөмөлдөй баштаган.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсыздануу билдиришкен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG