Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Иран: “диктаторго өлүм”деген ураан менен каршылык акциясы өттү


Иран. Тегеранда өткөн каршылык акциясын чагылдырган видеодон скрин-сүрөт. 26-июль, 2021-жыл.
Иран. Тегеранда өткөн каршылык акциясын чагылдырган видеодон скрин-сүрөт. 26-июль, 2021-жыл.

Ирандын борбору Тегеранда суунун таңкыстыгына жана жашоо-шарттын оорчулугуна нааразы болгон жарандар “Диктаторго өлүм” деп кыйкырып, каршылык акциясына чыгышты.

Farda радиосу социалдык тармактарга чыккан видео тасмалар менен текст түрүндөгү кабарларды топтоду. Анда каршылык акциясы 26-июлда эртең менен Тегерандын чок ортосу болгон Жомхури Ислам кең көчөсүндө өткөнү айтылат.

Демонстранттар 15-июлдан бери Ирандын Хузерстан аймагында жана башка айыл-шаарларында суунун таңкыстыгына байланыштуу өтүп жаткан нааразылык акцияларын колдоп чыгышты.

Тегеранда тартылган видео тасмалардын биринде өлкөнү башкарып жаткан консервативдик исламчы саясатчыларды сындап, “курал-жарак, танктар, молдолор кетиши керек” деп кыйкыргандар көрсөтүлгөн. Башка бир видео тасмада жаштар “уят, Хаменеи!” жана “кеттик!”деп кыйкырып, Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеинин дарегине тил тийгизгендер болду.

Иранда 50 жылдан берки эң оор кургакчылык болуп жатат. Экономикалык кризиске дуушар болгон өлкөнүн бир катар райондорунда электр жарыгы дагы өчкөн. Кырдаалга нааразы болгон жергиликтүүлөр каршылык акциясына чыгып, полиция менен улам кагылышууда.

Каршылык акциялары өлкө коронавирус пандемиясынан жабыркап, экономикасы АКШнын санкцияларынан жүдөп жаткан маалга туура келди. Мунай өнөр-жай тармагында иштеген миңдеген жумушчулар иш таштап, айлык-акыны көтөрүү, эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.

Расмий бийлик каршылык акциясына чыккандардан эки киши каза болгонун ырастады. Бирок бейрасмий маалыматтарда 15-июлдан бери Иранда каршылык акциясына чыккан беш адам кайтыш болгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG