Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Акматбек Султан: ырдап атып жашып кеткениме себеп көп


Төкмө акын Акматбек Султан уулу.

Жакында эле “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтышта төкмө акын Акматбек Султан уулу биринчи орунду алды.

Кытайлык кыргыз акыны Мамбеттурду Мамбетакундун сөзүнө жазылган "Биз" аттуу чыгармасы менен элге таанылган, айтыштарда ырдап жатып жашып кеткени менен көпчүлүктүн эсинде калган төкмө акын Акматбек Султан уулу менен маектештик.

- Соңку кезде көбүрөөк айтыш өнөрүнө басым жасоодомун. Башка тармак менен да колдон келишинче өзүмдү өстүрүүгө аракет кылып жүрөм. Көптөгөн обондуу ырларды жаздыруу оюмда бар. Анан быйыл өзүмдүн жеке концертимди берсемби деп ойлоп жатам. Анткени, устатым Элмирбек Иманалиевдин демилгеси менен өткөн жылдын кышында менин концертимди бермекпиз. Тилекке каршы, былтыр устатымдын өзүн жоготуп алдык. Ошол бойдон пландар токтоп турган, эми кайрат кылып, белди бекем бууп, устатымдын башка шакирттери менен биргелешип, менин концертимди өткөрсөк деп жүрөбүз, буюрса.

- Элмирбек Иманалиевдин сиздин чыгармачылыгыңыз үчүн орду зор болду. Ал киши дүйнө салып кеткенден кийин чыгармачылыгыңызда дагы, жеке жашоодо да өзгөрүүлөр болду окшойт?

- Ал кишинин жогу бүтүндөй кыргыз калкына билинип турат. Биздин көч башыбыз жок болгон үчүн биз абдан кыйналып жатабыз. Ар бир маселеде устатыбыздан кеңеш сурачу элек, жакшы бир ойлорубуз болсо ал менен бөлүшчү элек. Жакшы мүнөз күтүүнү, жакшы адам болууну бизге үйрөттү. Биз болсо толук үйрөнө алган жокпуз. Деңизден тамчы алгандай болдук десем болот. Чыгармачылыгы өзүнчө баалана турган баалуулук болсо, анын ар бир тармакты терең түшүнгөн, ал тургай азыркы заманда мода болуп жаткан өнөргө чейин түшүнгөн, улуттун уңгусу, өнөрдүн эскирбес уюткусу эле...

- Эми сиздин бала кездеги өнөр дүйнөсүнө алып келген таасирлер тууралуу сүйлөшөлү. Таланттын учкундары качан билине баштады?

- Мен кичинекей чагымдан ырдасам керек, качан ырдап баштаганым так эсимде деле жок. Бирок жакындарымдын айтымында, чоң атамдын теңтуштары мен 5-6 жашка келгенде эле ырчы бала деп ырдата беришчү экен. Анан мен жатып алып ырдай берчү экенмин. Бала кезде элдик ырларды угуп чоңойдук да. Бирок кичинекей баланын тамашалуу ырдап жатканы сүйкүмдүү угулса керек. Анан:

“Кичинекей тумагым,

Үшүбөйт менин кулагым.

Атакеме айткыла,

Аял алар убагым”,- деген өңдүү ырларды үйрөтүп коюшуптур. Ага кошуп:

“Кичинекей баламын,

Ташка чыгып аламын.

Атакем макул болбоду,

Мен аялды качан аламын”,-деп уландысын ырдасам, күлүп калышчу экен.

Кийин өзүмдүн таенем-таятам да көп нерсе үйрөттү. Кийинки кездерде мен аккордеон менен ырдаганды кыялданчу болдум. Анткени, таятам убагында Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин ырларын укчу. Алар менен биз дагы бирге угуп жүрүп, ал таланттардын да таасири болду. Бирок биз жакта улуттук музыкалык мектептер болбогондуктан, жолум болбой жүрдү. Анан 2014-жылы Кыргызстанга чакыруу алып жакшы бир өнөрдүн ордосуна келдим. Бул жакшылыктар мага атайын өнөрдүн кадырына жетип, билимди барктасын деп берилген аманаттай туюлат.

Акматбек Султан уулу устаты белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиев менен. Архивдик сүрөт.
Акматбек Султан уулу устаты белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиев менен. Архивдик сүрөт.
  • Акматбек Султан уулу 1990-жылы 20-октябрда Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном облусундагы Улуу-Чат районунда туулган.
  • 2006-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин, Улуу-Чат районунда кесиптик орто окуу жайын аяктаган.
  • 2010-2013-жж. аралыгы Иле педагогикалык институтунун алдындагы Айтыш классында окуган.
  • 2014-жылы Кыргызстанга келип, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Элдик ырдоо бөлүмүнө тапшырып, 2020-жылы аяктаган.

- Азыркы учурда жан дүйнөңүздө кандай толгонуулар бар?

- Жан дүйнөмдө толгонууларым абдан көп. Биздеги өнөр элдик өнөр болгондон кийин эл деп толгонобуз. Эл туңгуюкта тургандай сезилет. Бизде азыр мал дүйнө жакырчылыгынан да жандүйнө жакырчылыгы өтүп кетти. Бизге баары жетиштүү, бирок бар нерсени барктабаганыбыз бизди аксатып турат. Элибизде ырксыздык күчөдү. Кыргызстандагы ар бир адам өзүн Кара хан сезет. Эркиндигибизди ээнбаштыкка айлантып алгандайбыз. Мен ушул элимдин уктап калган аң-сезимин ойготсом деген тилектер менен жүрөм. Кудай буюрса, баары жакшы жакка өзгөрөр.

- Эркиндигибиз ээнбаштыкка айланды дебедиңизби? Айталы, төкмө акындар сөз эркиндигин кандай пайдаланууда?

- Кудайга шүгүр, кыргыздар илгертен эле сөз эркиндигин, дипломатиялык эркиндик дегендерди ар кайсы доордо бийик кармап келген.“Ырчы менен элчиге өлүм жок” деген накыл кеп мунун бир далили. Азыркы заманда деле Кыргызстан Орто Азия элдеринин ичинде сөз эркиндиги боюнча алдыда турат десем болот. Анан бизде айрым учурларда, коомдо бир көйгөйлүү учурлар болгон чакта акындар өз жүрөгүнөн өткөрүп кайрылуу ырын чыгарып турушат. Бирок ошол кайрылуулар элге жетеби же жетпей жатабы деп көп ойлончу болдум.

- Акматбек Султан уулун айтыштан көргөн эл көп учурда көз жашына күбө болуп келе жатышат. Ал көз жаштар эмненин белгиси?

- Ошол айтышка карапайым, ак жүрөк адамдар келгенин байкайм. Анан ошол айтыш өнөрүн өздөрүн элита атагандар, көч башыбыз деп жүргөндөр барктабаганы мени көбүрөөк ыйлатат. Дүйнөдө бир да элде мындай улуу өнөр жок. Анан ушул өнөрүн баалай албаган элдин келечеги эмне болот деген суроо сыздатат. Бир жагынан дүйнөлүк саясаттын зөөкүрлүгүн ашкере кылайын дейсиң, бирок жакындарыңдын келечегин ойлойсуң. Жүрөк ыйлаткан маселе бизде абдан көп. Улуттун наркын атайын дейсиң, бирок кээ бир кыргыздардын арасында аны “харам” дегендер толтура. Биздин бир Кыргызстан миңге бөлүнүп кеткен да, ошол жүрөктү оорутат.

- Кытайдагы жакындары менен бир кезде байланышуу да кыйын болуп калганын өлкөбүздөгү айрым кытайлык кыргыздар айтып калышчу эле. Азыр абал кандай?

- Азыркы учурда деле телефон менен байланыша албайбыз. Бирок WeChat деген программа бар, ошол аркылуу ата-энебиз менен сүйлөшүп турабыз.

- Кыргызстанга келгенден кийин кандай өзгөрүүлөр болду. Учурда өнөрдөн сырткары эмне менен алектенесиз?

- Кыргызстанга келип көп нерсе таптым. Жакшы устатка шакирт болдум, жакшы окуу жайды аяктадым. Учурда үй-бүлө күтүп, өзүнчө түтүн булатып жатам. Бир кыздын атасы болдум. Бул анчейин өзүбүзгө байкалбаганы менен өмүрүбүзгө зор өбөлгө боло турган окуялар, ийгиликтер болду деп эсептейм. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы №25 мектепте иштеп, «Манас» таануу боюнча сабак берип жатам.

“Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата өткөн республикалык айтыш:

Айтыш-2021: баш байгени Идирис Айитбаев алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG