Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:38

“Ысык-Көлдөн бир элес”: эл унутпаган талант  


Ысык-Көлдүн жээги. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн жээги, “Аалам” эс алуу жайынын пляжы. Тээ тоо башынан кылайып чыккан ай нуру көлгө чагылып бир керемет. Качандыр бир кезде уккан ырдын кайрыктары жандүйнөгө жылуу сезимди пайда кылат.

Айтылуу Ат-Башынын Босого жайлоосунда “Кожожаш” кинотасмасы тартылып атканда жергиликтүү тургун Бурма апанын боз үйүндө даңазалуу ырчы Сагийпа Чечейбаева менен жолдошу Асанбек аба болуп чогуу туруп калдык. Күүгүмдө Бурма апа:

- Ыя, Сагийпа бу сенин ырдаганыңды радиодон эле угабыз. Бир үнүңдү созуп койчу өз үнүңдү жаныңдан угайын? - деп калды. Сагийпа эже ордунан кичине обдулуп алып:

Ай чыкты тоодон суйкайып,
Отурсам көлгө жүз чайып.
Элесиң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,

Сүзгөнсүп көлдө жел кайык, - деп созгондо 80 жашты таяп ордунан оор козголуп аткан Бурма апа:

- Ап, баракелде, бар бол айланайын үнүңө береке! - деп сүрөп отурган жерден жаш келиндей шайдоот туруп самоорун эшикке алып чыгып тамызып жиберди. Сагийпа эже:

- Ырахмат эже! Бул Сайыргазы Түркмөнов деген обончунун “Ысык-Көлдөн бир элес” деген ыры. Ал буюрса, Жумакемдин ордун басчу обончу”, - деп сыймыктанып койду.

Сайыргазы Түркмөновдун обондору кыргыз колоритин өз доорунун жаңы музыкалык агымына ширелткен чыгармалар катары айырмаланат.

Айылдык композитордун айылдашы, айтылуу акын айым Жумакан Тынымсейитованын “Ысык-Көлдөн бир элес” деп аталган ырына чыгарылган обону кыргыз музыкасынын алтын коруна кирген.

Анын “Биз дүйнөнүн адамы”, “Коргойбуз”,”Ысык-Көлдөн бир элес”, “Сага” деген ырларынан башка 70ке чукул обондору эл сүймөнчүлүгүнө айланган.

1985-жылы жазында КР Эл артисти Сейитказы Андабековдун концерттик бригадасы менен Нарын районун кыдырып концерт коюп калдык. Бир жолу Эчки-Башы айылындагы клубга барып элди күтүп атканбызда эл ортону элүү жаштардагы бир киши эшиктен кирип келип эле артисттер менен барпалаңдап төш кагыштырып учурашып калды. Анда Сепем:

- Балдар бул Сайыргазы Түркмөнов деген мыкты обончу агайыңар болот, таанып жүргүлө бул агайыңар дагы Тянь-Шань облустук музыкалык драма театрына зор салым кошкон, - деп тааныштырды. Концерт коюп Сайыргазы абанын урмат-сыйын көрүп кайтканбыз.

Сайыргазы Түркмөнов советтик кыргыз музыка өнөрүнө бараандуу салым кошкон. Анын “Биз дүйнөнүн адамы”, “Коргойбуз” ,"Ысык-Көлдөн бир элес", “Сага” жана башка ырларын белгилүү ырчылар СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, атактуу ырчылар С.Бекмуратова, С.Чечейбаева, Т.Жумакаева, Г.Сейиткулова жана башкалар аткарган. Анын обондору азыр дагы жаш өнөрпоздордун аткаруусунда жаңыча заманбап ыкмада аткарылып жүрөт. Эстрадалык аранжировкада Карлыгач Сулайманова кыябына келтирсе, “Эне-Сай” тобу анын обондорун ар түрдүү аспаптардын коштоосунда иштеп чыкты.

Баскан жол

Сайыргазы Түркмөнов 1934-жылы 21-мартта Нарын облусундагы Нарын районунда Он-Арча айыл өкмөтүндө Эчки-Башы кыштагында туулган. Айрым китептерде анын аты Сайырказы деп жазылса, Нарын шаарында Шайыргазы деп аташчу.

Сайыргазы Түркмөнов.
Сайыргазы Түркмөнов.

Ал орто мектепти аяктаган соң, 1952-жылдары Жумгал райондук маданият бөлүмүндө методист (усулчу) болот.

1952-жылы июндан тарта Нарын шаардык маданият үйүндө иштейт.

1953-жылы июндан 1958-жылга дейре мурдагы Пржевальск, Каракол шаарындагы облустук драма театрында актер болуп орношуп, бир нече роль аткарат.

1956-жылдан тарта обон чыгара баштаган.

1958-жылы жаңы ачылган Тянь-Шань облустук музыкалык драма театрына актер болуп которулат. Ал жердеги атактуу обончу Жумамүдүн Шералиев, К.Тагаев, С.Мамбетбаев жана башка чыгаан обончу, ырчылар менен чыгармачылыкта кызматташат.

1963-жылы карыган ата-энесине каралашуу зарылдыгынан августтан тартып өзү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында иштеп калат.

Ал оболу ”Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылдык клубунун башчысы болуп иштейт.

Ошол жылдары айылдагы "Коммунизм" орто мектебинде окуучуларга музыка сабагынан тарбия-таалим берип, аларды райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга катыштырат.

Окуучулардын арасынан кийинчерек музыка мугалимдери, өнөрпоздор, театр актерлеру, илимпоздор, публицистер, журналистер чыккан.

Түркмөнов айылдын клуб башчысы болгон жылдары айылдык өздүк көркөм чыгармачылык ийрими кыйла өнүгүп, айылдык өнөрпоздор райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга үзбөй катышып, бир катар сыйлыктарды алып турушкан. Алардын концерттери мамлекеттик сыналгыдан да ырааттуу берилип турган.

Ошондуктан Кыргызстандын Маданият министрлиги “эң мыкты клуб”, “эң мыкты маданият үйү” деген наамдар менен баалаган. 1992-жылы айылдык клубга Кыргызстандын Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен “Он-Арча элдик театры” деген макам ыйгарылган. Айылда коомдук иштерге да үзүрлүү катышып, 8 жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.

Ушул эле Эчки-Башы айылында 1995-жылы мамлекеттик маанидеги өзгөчө ардагерликке (персоналдык пенсияга) чыккан. Ардагер болгонуна карабастан, айылда Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Аксакалдар сотунун төрагасы сыяктуу кызматтарды аркалап жүрдү.

Сыйлыктары, наамдары

Кыргызстандын “Билим” коомунун Ардак грамотасы менен 3 жолу сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы. (1966-жыл). СССР Маданият министрлиги тарабынан “Эң мыкты маданият кызматкер” төш белгиси менен сыйланган (1967-жыл). “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган (1968-жыл). “Нарын облусунун Ардактуу атуулу” болгон (2007-жыл).

Кыздары – Мира, Айнура. Уулу Таалай жаш чагында кайтыш болгон.

Түркмөнов 2011-жылдын 19-февралында оорунун айынан каза болгон. Сөөгү өз айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG