Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:56

Закымга айланган Зайырбек


Зайырбек Ажыматов.

Белгилүү акын, «Азаттыктын» кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун бул дүйнөдөн өткөнүнө туура жыл айланды. Деги эле ал кандай адам эле, кандай жашап өттү, канчалык деңгээлде өзүнүн адабий көрөңгөсүн ачып бере алды, бул тууралуу аны жакындан билген замандаштарынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.

"Албетте акын өзүнүн коомундагы, доорундагы, мезгилиндеги жетишпестикти, көйгөйдү айтышы керек. Ошону менен катар өзүн-өзү жаза билиши, чындыкты ачык айтышы, ырды жан дили менен сүйө билүүсү жана ага өзүн арноосу керек. Мейли журналистикада болсун, мейли проза же поэзияда болсун болгону чындыкты эле айтыш керек экен".

"Адамдын ички жан дүйнөсүндөгү, бул дүйнөдөгү сырдуу көрүнүштөрдү кармай билүү – поэзия окшойт".

"Деги эле ар бир адам - окула элек китеп. Эгер аны жакшылап окуй турган болсоңуз ал аябай кызыктуу. Аны башкысы окуй билиш гана керек".

(Зайырбек Ажыматов)

Белгилүү обончу Түмөнбай Колдошов акын Зайырбек Ажыматов менен санаалаш болгон адамдардын бири.

Анын акындын «Жарты кайык» аттуу ырына жазган обону эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Экөөнү чыгармачылык табыштырганын айткан обончу Ажыматовдун өзүн да бир сырдуу китепке окшоштурду.

"Зайырбек Ажыматов баары эле окуй бере турган китеп эмес эле. Ал өзүнүн ааламына окшош ааламы бар адамдар менен гана мамилелеш боло алды деп ойлойм. Көзү өткөнгө чейин байланышып турдук. Досу Элмирбек Иманалиев каза болгон мезгилде да сүйлөшүп жаттык. Акыркы сүйлөшүүүбүз чыгармачылык жөнүндө болду. "Түмөнбай, жакшы чыгарма жазбайлыбы? Философия бар" деп бүтүргөн эле акыркы сөзүн. Тилекке каршы философиясы арман менен бүтүп калды. Элмирбек Иманалиевдин тажиясы күнү ал мага мындайча кат жазды: "Табытта бараткан Элмирбек ыйлап баратты. Жерге бергенде да андан ый угулуп турду. Менимче ал өмүрүнүн бүткөнүнө өкүнгөн бойдон кетти". Эртеси ал кайра түшүнө киргенин, "биринчи өзүңдү, экинчи үй-бүлөңдү, үчүнчү элди ая" деп айтканын да билдирди. Бирок экөө тең элди аябай кете беришти".

Түмөнбай Колдошов жана Зайырбек Ажыматов.
Түмөнбай Колдошов жана Зайырбек Ажыматов.

Филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы Ризван Исмаилова акын Зайырбек Ажыматов 44 жылдык өмүрүндө өзүн акын катары канчалык деңгээлде ачып бере алганын, анын ырларынын мындан аркы адабияттагы тагдырын кеп кылды:

Ризван Исмаилова.
Ризван Исмаилова.

"Анын ырларынын басымдуу бөлүгү Ата-Журт жана анын кейиштүү тагдыры туурасында. Бул адабият үчүн өтө керек. Себеби 30 жылдан бери эл кандай акыбалда калды, адабият эмнелерди берди, кандай акындар чыгып, алар эмнелерди ырдады деген сөз болгондо Зайырбектин ырлары биринчи кезекте поэзиянын, талдоонун обьектиси боло алат деп айтаар элем. Ошондой эле кийинки муун да Ажыматов тууралуу көп жылуу сөз кыларына, анын чыгармаларын талдарына ишенем".

Адабиятчы, сынчы Рысбек Эшматов Зайырбек Ажыматовдун тагдыры, анын ырларындагы дайыма окурманга сезилген жалгыздыгы аны акын катары таптаган факторлордун бири деп эсептейт:

Рысбек Эшматов.
Рысбек Эшматов.

"Ал бала кезинен бери энелик мээримге толук канбай, аталык жылуулукту, камкордукту сезе албай, жалгыз дүйнөсү менен калган адам болгон экен. Менимче ошол өксүктөрүнөн дайыма кыйналып, өмүр бою азабын тартып жүргөн. Бардык жагынан өзүн жалгыз сезген экстенсиялык жалгыздыгы бар тура. Бирок ошол нерсе анын чыгармачылыгынын өзөгүн түптөгөн деп ойлойм».

Акын, адабиятчы Олжобай Шакир 1990-жылдардан кийинки бирин-экин гана акындар чыгармачыл жолдон өз ордун тапса, алардын бири акын Ажыматов экенин айтты. Ал акындын "Жүрөктөгү бороон" аттуу метафоралык темада коюлган ыр китебинин маанисине токтолуп, андагы бороон акындын өзүнүн гана кайгы-капасы эмес, бүтүндөй өзүнүн муунундагы талантуу өкүлдөрдүн арманы деп атады. Ошону менен катар акындын сын көтөрө билген эрктүүлүгүн белгиледи:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

"Ал өзү бул жашоого акындай мамиле кылды. Таза, ишенчээк, куулугу жок жан болчу. Сын айтсаң терикпестен ошол ырдын үстүнөн иштечү же таптакыр жок кылчу. Көпчүлүгүбүздө ошол сапат жок. Сын айтканды көпчүлүк чыгармачылык алака деп түшүнбөй, тескерисинче көрө албастык, ичи тарлык кылып жаткандай кабылдайт. Зайырбек болсо улуубу же күчүүбү көтөрө билчү. Ал ар убак кемчиликтерин оңдоого шашылып турчу".

Зайырбек Ажыматовду негедир өзүнөн кичүү жаш муун башка акындардан жакын көрүп, ага ыктап турушчу. Ал көпчүлүк жаш акындардын ыр китептерине да баш сөз жазып берген. Алардын катарында акын Бердибек Жамгырчиев дагы бар:

Бердибек Жамгырчиев.
Бердибек Жамгырчиев.

"Ким менен болбосун камыр-жумур болуп сүйлөшүп кетип, ага турмуштагы сабактар болсун, мейли чыгармачылыктан болсун, айтор кеп-кеңешин аябастан берип, жарык жол көрсөткөнгө аракет кылчу. 2013-жылы мен алгачкы китебимди чыгарарда кимге баш сөз жаздырсам деп ойлонуп жүрүп, Зайырбек байкени туура көрдүм. Анан байланышып, оюмда ага айтсам «мени уялтасыңар го» деди. Анын кандай болсо да өзүн көтөрбөй жөнөкөй кармай билген сапаты бийик көрсөтөр эле".

Акын Нуркыз Рыскул кызынын айтымында, Зайырбек акындын ырларынан апасына болгон кусалыгы сезилип турчу. Баланын энеге болгон кусалыгы, дегеле эне менен баланын ортосундагы ажырагыс сезимди ал Ажыматовдун «Эреркөө» аттуу ырынан жүрөгү менен туюп терең таасирленген.

Нуркыз Рыскул кызы.
Нуркыз Рыскул кызы.

"Зайыр байкенин тагдырдын айынан төрт жашында 27 жаштагы атасынан ажыраганын, башка айылга бөлөк турмуш куруп кеткен апасына болгон сагынычын укканда, эне-бала мамилесин ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ал бала чагында таенесин түйшүккө көп салып, алыстагы апасынын мээримин эңсеп, кыштын күнү атайын муздак сууга жуунуп ооруп калчу тура. Анын жалгыз гана максаты ошол учурда апасы келип, мээримине бөлөгөнүн каалачу экен. Ал 40 жаштан өтсө да ырларынан эмнегедир энеге болгон кусалыгы байкалып турар эле".

Ал арада бүгүн Зайырбек Ажыматовдун улуу баласы Зайырбек уулу Назым "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасына атасын төмөнкүчө эскергени көпчүлүктүн көңүлүн элжиретти.

“Атасыз бир жыл

Атам бар кезде эч нерседен коркчу эмес элем, азыр бардык нерседен корккон, атасыз бир жыл. Карлыгач менен сырдашчу атасы жок, атасыз бир жыл. Айназикти аячу атасы жок, атасыз бир жыл. Мелис менен сүйлөшчү атасы жок, атасыз бир жыл. Телефондо номериңиз бар, бирок өзүңүз жок, атасыз бир жыл. Күндө кечинде телефондон “Балам курсак токпу?”- деп сурап турар киши жок, атасыз бир жыл. Жашым жыйырмадан ашса да, жумушумдан дардалаңдап тосуп алчу киши жок, атасыз бир жыл. Ар бир жеңишиме сүйүнүп, сыймыктанчу киши жок, атасыз бир жыл. “Алыс жерде жүрөсүң” деп алыстан колдогонго киши жок, атасыз бир жыл. Жеңилсем да кубат, эрк, тирек болчу киши жок, атасыз бир жыл. Адашсам да туура жолду көрсөтчү адам жок, атасыз бир жыл. Жамандардан аяп, коргогонго киши жок, атасыз бир жыл. Баягы тоодон да бийик көрүнгөн атабыз жок, Атасыз Бир жыл!

Төртөөбүздө атамдын төрт сапаты калгандай элестетем. Кудайдын буйругу болгондон кийин баарыбыз баш иет экенбиз. Атамдын чын дүйнөгө көчкөнүнө толук бир жылдын жүзү болду. Зайырбек Ажыматовдун уулу болгондугума сыймыктанам!”

Зайырбек уулу Назым жана Зайырбек Ажыматов.
Зайырбек уулу Назым жана Зайырбек Ажыматов.

28-апрелдеги «Азаттыкка» Ажыматовду экерүү эфирине келген коноктордун бири, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз маркум акындар Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун ысымын бири-биринен бөлүп кароо болбойт деген кебин айтты.

Ал ошону менен катар эки акынга тургузула турган эстелик да бир композиция менен иштелип чыгышы керек дейт. Анын пикиринде эстелик ушул максаттарды көздөп тургузулса, бул акындардын достук мамилеси кийинки муундарга да өрнөк болмок:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

"Эстелик темасы азыр актуалдуу болуп турат, биз да жөн карап турбайбыз. Мен жүрөгүмдөн ушул нерсени каалар элем: Экөөнө эстелик тургузулса экөө бир композицияда камтылса. Анткени биз булардын өмүрүн уламышка айландырышыбыз керек. Достуктун анык үлгүсү кандай болгонун ушул эки акындын жашоосунан көрсөтүшүбүз керек. Анан дагы айта кетерим, жалпы эл бул нерсени колдоого алып кетели. Аткени кийинки муунга Аккан менен Курманбектин досутугу сыяктуу Элмирбек менен Зайырбектин достугу эсте калсын. Бул экөөнүн өмүрүнө арналып чыгармалар жазылып, кинолор тартылсын. Менин тилегим ушул".

Зайырбек акындын жазга окшош жандүйнөсү
please wait

No media source currently available

0:00 1:10:57 0:00

Зайырбек Ажыматов 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун ошол жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген. 2014-жылдан өмүрүнүн аягына чейин «Азаттык» радиосунда эмгектенип, адабий-маданий темаларда макала-баяндарды жасаган.

Ал «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» аттуу ыр жыйнактардын автору.

2019-жылы Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы менен сыйланган.

2020-жылы 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG