Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Айтматовдун күмбөзү: түндүк жогору көтөрүлмөй болду


"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүк оңдолуп, бийик көтөрүлүп жатканын билдирди. Буга түндүктүн жерде турганын "жакшы эмес жышаан катары" кабыл алгандар көп болгону себеп экени айтылат.

Архитектор Улан Бейшенбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин авторлорунун бири. Ал Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүктү көтөрүү маселеси Бакиевдин мезгилинен улам бир көтөрүлүп келгенин айтат:

“Ушул эстелик тургандан бери мага сын айтып келе жатышат. Мамлекеттик символ (ред: түндүк) жерде жатпашы керек, көтөргүлө дешти. Ошол көтөрүлбөгөндүктөн, эл көтөрүлө албай жатат дегендер болду. Маданият министрлигине, президенттик аппаратка чейин кайрыла беришип канча убара кылышты. Буга чейин автор катары макул болбой келгем. Бул ирет айласыздан макул болдум. Бирок биз түндүктү алып ыргытып жиберген жокпуз, күмбөздүн үстүнөн алып, ротонданын алдына илип койдук. Айрымдар билип-билбей эле ушак таратып жатышат”.

Айтматовдун күмбөзүнүн жанындагы жезден коюлган китеп менен барельефти скульптор Сааданбек Ажиев жасаган. Ал эгерде эстеликтер ушундай жол менен өзгөрүүгө дуушар боло берсе, мааниси да жоголуп калат деп эсептейт. Скульптордун айтымында, Айтматовдун күмбөзүндөгү эстелик буга чейин да реконструкцияланган. Анда ротондадагы колодон түшүрүлгөн жазуу сапаттуу болушу үчүн гранит таштар менен кайра жазылган.

“Түндүк мүрзөнүн үстүндө турат, таптакыр жерде жаткан жок. Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүк да кабырдын үстүнө коюлган. Бул анын “үйү” болуп калбадыбы. Кыргыз эли бийик адамды жоготту. Бул биз үчүн кайгы. Мүрзөдөгү түндүк өзүнүн ошондой мааниси менен коюлган. Ошону айрым адамдар канча жылдан бери эле чуу кылып келе жатышат. Эми бул бийликтин тушунда дагы башташты. Мурдагы бийликтегилерге автор катары идеябызды далилдеп келдик эле, унчукпай калышкан. Азыр кайра башташты”.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплекси.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплекси.

Буга чейин белгилүү коомдук ишмер Ассоль Молдокматова "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, “Ата-Бейиттеги” Айтматовдун күмбөзүнүн үстүндөгү түндүк алынып калганын жана бул иш жазуучунун уулдары менен кеңешпей жасалганын айткан.

“Азаттык” Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов менен кабарлашканда, жогорудагы жасалган кадамдарга кийинчерээк жооп берерин билдирди. Ал эми жазуучунун тун уулу Аскар Айтматов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Гүлнара Турсунбекова Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүктүн көтөрүлүшү көпчүлүктүн мүдөөсү менен ишке ашканын маалымдады. Президент Садыр Жапаров мемориалдык комплекске келгенде ага да элден түндүктү көтөрүү боюнча бир канча өтүнүч болгонун айткан экен.

Талант Мамытов, Роза Отунбаева, Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде. 2020-жыл, 7-ноябрь.
Талант Мамытов, Роза Отунбаева, Садыр Жапаров жана Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде. 2020-жыл, 7-ноябрь.

“Президент Жапаров “Ата-Бейитке” үч жолу келди. Ар бир келгенде жогорудагы маселе айтылган. Анткени ал элдин суранычы экен. Биздин комплекстин милдети эстеликтерди карап, тазалап гана туруу. Оңдоп-түзөө иштерин президенттик аппарат өзү колго алып жатат. Менин жеке пикиримде, түндүктөрдүн көтөрүлүшү жакшы кадам болду. Анткени, бул иштер "кыргыз эли аза күтүп бүттү, эми түндүктөй болуп көтөрүлүп жашасын" деген ниетте жасалып жатат".

Турсунбекованын айтымында, комплекстеги Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүк эле эмес, репрессиянын курмандыктары жаткан күмбөздүн үстүндөгү түндүк дагы көтөрүлгөн.

“Азаттык” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине маалыматты тактоо иретинде кайрылды. Мекеменин маалымат катчысы Айнура Асанбаева буларды кабарлады:

"Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк “белгисиз адамдар тарабынан алынган” деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт. Буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар да болгон. Улуттун символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде долбоордун автору Улан Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ иш алып барып, ага жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууланып жатканы белгилүү болду. Андан сырткары Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат".

Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, популисттик аракеттен алыс болуу керектигин жарыялады.

Осмонакун Ибраимов.
Осмонакун Ибраимов.

Мурдагы мамлекеттик катчы, белгилүү адабиятчы Осмонакун Ибраимов эстеликтер болгону образ экенин эске алууга чакырды. Ошондой эле аларды жөнсүз өзгөртө берүүнү артта калуу, сабатсыздык катары сыпаттады:

“Эгер кептин баары түндүктө болуп жаткан болсо, анда мейли, 200 метр бийик көтөрүп коёлу дейли, ошондо эле оңолуп кетебизби?! Эстелик деген болгону көркөм образ. Түндүктү мындай коёлу, мына биз кайталап эле жүрөбүз. Мектептерди талкалап бүттүк, окуу жайларыбызды оңдой албай жатабыз. Буга чейин борбордук аянттагы Тургунбай Садыковдун жасаган эмгегин алып эмне таптык? Бул билимсиздиктен эле келип чыккан бир балакет. Бул нерсеге улуу адамдын эмгеги, өкмөттүн акчасы кеткенин мен көп айттым. Эстеликтин айынан жарыбай атабыз деп алдык эле, кана эми?!”

Мындан туура он жыл илгери, 2011-жылдын июль айында Кыргыз Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков иштеп чыккан түндүк көтөргөн аялдын образын чагылдырган “Эркиндик” эстелиги борбордук Ала-Тоо аянтынан коомдогу талкуудан соң алынып, ордуна Манастын эстелиги орнотулган.

Ала-Тоо аянтынан “Эркиндик” эстелиги алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Искусство изилдөөчү Бакыт Болгонбаевдин пикиринде, түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Болгонбаев түндүктү көтөрүү менен катар күмбөз оңдолуп-түзөлүп калганы жакшы көрүнүш деп билдирди:

Бакыт Болгонбаев.
Бакыт Болгонбаев.

“Кыргызда “түндүгүң түшкүр” деген сөз бар эмеспи. Бул жөн эле айтылып калган сөз эмес экенин билебиз. Биздин турмуштук философиябызга, ой-жорумубузга карасак, түндүктүн жерде жатканы жаман көрүнүш. Боз үйдүн жасалышын эле мисалга алсак, буга жооп болот. Түндүк кайсы учурда жерге түшөт? Калкты толук душман чапканда түшөт. Илгертен элибиз түндүктү бийикте кармап, бийик көрүп келген. Мына ошондуктан коомчулукта буга чейин мемориалдык комплекстеги түндүктөр кайчы пикир жаратып келе берген. Мындай нерселерде негизи ката кетирбөө керек, кайра-кайра оңдоло бергени осол иш”.

Бишкектин четинде жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси 2000-жылы негизделген. Бул жерде 1937-1938-жылдардагы репрессиянын 137 курмандыгынын жана 2010-жылдагы апрель окуясында каза тапкан 30 адамдын сөөгү жатат.

Ошондой эле, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине 2016-жылдын сентябрь айында Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата да эстелик орнотулган.

“Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү 2013-жылы жазуучунун 85 жылдыгына карата курулуп бүткөн. Күмбөздүн пайдубалынын төмөнкү жагы кызыл гранит, калганы ак мармар таштан тургузулган. Жазуучу жаткан көрүстөндүн үстүндөгү түндүк да мармардан жасалган. Архитекторлор Айтматовдун көп сүрөттөрүн изилдеп чыккандан кийин ак түс колдонулган.

Курулуш ишин “Бедиз-Арт” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырып, жалпысынан 15,5 миллион сом жумшалган.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 80 жашында дүйнө салган. Анын сөөгү “Ата-Бейитке” - атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG