Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

AMC Theatres билетти криптовалютага сата баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдөгү ири кинотеатр тармагы - AMC Theatres (Эй-эм-си) билетти криптовалютага сата баштайт.

Wrap интернет порталы кабарлагандай, билеттер "Биткоин" криптовалютасына сатылат. AMC Theatres тармагынын башчысы Адам Арон мындай мүмкүнчүлүк жыл аягында ишке кирерин 9-августта журналисттерге билдирди. Арон криптовалюта менен билет сатуу пандемия шартында сатыкты көбөйтөт деп ишенет.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын экинчи кварталында компаниянын чыгашасы 344 млн. долларга түшкөн. Тармак кинотеатрларынын ишин акыркы эки жылда быйыл июндун аягында гана жандандырды.

AMC Theatres компаниясынын АКШда жана Европада миңден ашуун кинотеатрлары бар.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөрдөн жалпы дүйнө жүзүндө кинотеатрлар чоң сокку алганы кабарланган. Айрым өлкөлөрдө санитардык эрежелерден улам кинотеатрлардын ишине алигүнчө уруксат бериле элек.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан башталган COVID-19 вирусу тез арада бүт дүйнөгө тараган. Ооруга Жер шарынын 205 млн. чукул адам чалдыгып, 4,3 млн. ашуун адам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG