Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Жөө күлүк Тимановская Беларуста алган медалын аукционго койду


Жапония. Беларус жөө күлүгү Кристина Тимановская.
Жапония. Беларус жөө күлүгү Кристина Тимановская.

Польшадан башпаанек тапкан беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа чемпионатынан алган күмүш медалын аукционго койду. Анын баштапкы баасы 5 миң АКШ долларынан башталат.

Европа оюндары 2019-жылы Минск шаарында өтүп, жөө күлүк Кристина Тимановская күмүш медаль алган болчу.

Медалды сатуудан түшкөн каражат Лукашенконун режимине каршы күрөшүп жаткан Беларустун спорттук тилектештик фондуна которула турганы айтылды.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракеттенип, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураган. Тимановскаяга Польша саясий баш калка берип, гуманитардык виза менен ал Варшавага учуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG