Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Султанбеков эки партиялашынын чыры жөнүндө: эң катаал чара көрөбүз


Темирлан Султанбеков. Архивдик сүрөт.
Темирлан Султанбеков. Архивдик сүрөт.

“Социал-демократтар” партиясы мушташа кеткени тууралуу видеосу интернетке тараган мүчөлөрүнө карата “эң катаал” чара көрөт. Бул тууралуу партия лидери Темирлан Султанбеков “Апрель” телеканалына билдирди.

Ал партия мүчөлөрү Алга Кылычев менен Таалай Темиркулов партиялык иштер эмес, ич ара жеке себептери боюнча чырдаша кетишкени чын экенин, бирок экөө тең атышуу болбогонун айтып жатышканын белгиледи:

“Уят иш болду. Эң катаал, керек болсо катардан чыгарууга чейинки чара сөзсүз көрүлөт. Себеби эл карап турат”.

Султанбеков партиялашы Кылычев “Жакшы эле басып жүрөт” деп кошумчалап, “Бул ишке чекитти тергөө коерун” айтты.

Окуя 7-августта Бишкектин четиндеги “Ак-Өргө” конушунда болгонун, Кылычевдин бутуна ок тийип ооруканага жеткирилгенин, бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов камакка алынганын, Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын Ленин райондук милициясы 8-августта кабарлады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан куралган "Социал-демократтар" партиясы быйыл Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 45 мандаттын бешөөнү алды.

Соңку маалыматтарга караганда, Кылычев милицияга тосмо арыз жазды, Темиркулов үй камагына чыкты.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG