Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Коронавирустан дагы сегиз адам көз жумду, 483 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы сегиз адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2407 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 483 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (281) жана Ысык-Көл облусунда (71).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 169 500 адамга жетти.

Бир күндө 1360 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2850 адам жатат, дагы 4564 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG