Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Жапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө


Жапониянын мурдагы премьер-министри Синзо Абэ атом бомбасынын курмандыктарынын эстелигине гүл коюуда. Токио шаары, 2020-жыл.
Жапониянын мурдагы премьер-министри Синзо Абэ атом бомбасынын курмандыктарынын эстелигине гүл коюуда. Токио шаары, 2020-жыл.

Жапония 76 жыл мурун АКШнын Куралдуу күчтөрү Нагасаки шаарына таштаган атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдө. Бир мүнөттүк жымжырттык жергиликтүү убакыт менен саат 11:02де (Бишкекте 8:02) жарыяланды. Так ушул саатта, 1945-жылы, 9-августта америкалык аскер учагы таштаган атом бомбасы жарылган.

Жымжырттыктан соң Нагасаки шаарынын мэри Томихиса Тауэ менен жапон өкмөтүнүн башчысы Ёсихидэ Суга кайрылуу жасады.

Коронавирус пандемиясынан улам атом бомбасынын курмандыктарын эскерүү чаралары эки жылдан бери мурдакыдай белгиленбей жатат. Бир катар иш-чаралар кыскартылган. Ага карабай Нагасакиде өтүүчү эскерүүгө чет өлкөлүк дипломаттар чакырылган.

Нагасакиде атом бомбасынын кесепетинен 70 миң адам курман болуп, шаар дээрлик тыптыйпыл жок болгон. Акыркы жылы атом бомбасынын курмандыктарын катарын 3 миң "хибакуси" же атом бомбасы ташталган учурду башынан кечирген адамдардын аты толуктады.

75 жыл мурун Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда АКШ алгач Хиросима шаарына, андан көп өтпөй Нагасакиге атом бомбасын таштаган. Хиросимада 140 миңдей, ал эми Нагасакиде 70 миңден көп киши кырылган. Бомба чабуулунан кийин Азияда согуш токтогон жана Жапониянын падышычылыгы 1945-жылы 15-августта багынып берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG