Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Токиодо Олимпиада оюндары аяктады


Токиодогу жайкы Олимпиада  оюндарынын жабылыш аземи.
Токиодогу жайкы Олимпиада  оюндарынын жабылыш аземи.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимп оюндары" катары эсте калды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах Токио-2020 Олимпиадасын 8-августта жабык деп жарыялады. Ал 16 күндүк спорттук иш-чара коронавирус пандемиясы учурунда дүйнөгө үмүт алып келгенин айтты.

"Пандемия башталгандан бери биринчи жолу бүткүл дүйнө бирикти. Спорт кайрадан көңүл чордонунда. Кубанычын тең бөлүшкөн дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды эмоциялар бириктирди. Бул бизге үмүт, келечекке болгон ишеним берет", - деди Томас Бах эки саатка созулган салтанаттуу иш-чараны жыйынтыктап жатып.

Ал расмий түрдө 2020-жылдагы Олимпиаданын аякташын жарыялап, бул "эң татаал Олимп жолу болду" деп атады.

Бах ошондой эле жапониялык уюштуруучуларга жана миңдеген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип “силер, жапондор жетишкен ийгиликтериңер менен сыймыктансаңар болот" деди.

Жабылыш аземи дээрлик бош калган Олимпиадалык стадиондо башталды. Ошентип Жапония Олимп отун өчүрүп, бир жылга кечиктирилген жана коронавирустан улам үзгүлтүккө учураган иш-чараны жыйынтыктады.

Чогулган спортчулар Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Томас Бахтын сөзүн угууда.
Чогулган спортчулар Эл аралык Олимпиада Комитетинин президенти Томас Бахтын сөзүн угууда.

Коронавируска байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, уюштуруучулар бул оюндарда вирустун жайылышына тоскоол болушкандай көрүнөт. Олимп оюндарына 50 миңдей киши чогулган.

Вирустун "дельта" штаммы Жапонияга жеткенден кийин, Токиодо бир күндө оору жуктургандардын саны биринчи жолу беш миң кишиден ашты. Мындай жагдайда ооруканалар бейтаптарга толуп, орундар тартыш болуп калышы ыктымал.

Жапон полициясы спортчулар жашаган аймакты көзөмөлдөөдө.
Жапон полициясы спортчулар жашаган аймакты көзөмөлдөөдө.

Мелдештин акыркы күнү Америка Кошмо Штаттары волейбол, велосипед жарышы жана аялдар баскетболу боюнча жеңишке жетип, 39 алтын медаль менен биринчи орунду ээледи. Кытай АКШдан бир гана медаль аз алып, жалпы эсепте экинчи орунду алды.

Акыркы 339-алтын медалды суудагы поло боюнча сербиялык эркектер командасы алып кетти.

Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал шартта жашаган спортчулар отуз үч стадиондо күч сынашты.

2024 -жылкы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган Парижде миңдеген адамдар, анын ичинде Токиодон кайтып келген жеңүүчүлөр Эйфел мунарасынын жанына чогулуп, Олимпиадалык желектин тапшырылышын кубаттап турушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG