Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Талибдер Кундуз провинциясынын көпчүлүк бөлүгүн ээлегени кабарланды


Кундуз провинциясы. Өкмөттүк күчтөр жана ыктыярчылар. Ооганстан. Июль, 2021-жыл.
Кундуз провинциясы. Өкмөттүк күчтөр жана ыктыярчылар. Ооганстан. Июль, 2021-жыл.

Ооганстандын Кундуз провинциясынын басымдуу бөлүгү "Талибан" кыймылынын көзөмөлүнө өткөнү кабарланууда. 8-августта талибдер менен ооган өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан салгылаш жүрдү. "Талибан" Кундуз толугу менен көзөмөлүнө алынганын билдирүүдө. Бирок Ооганстандын Коргоо министрлиги аны четке кагып, шаарды минадан тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, улуттук телеканалдын имараты талибдерден тазаланды.

Кундуз провинциясында 375 миңден ашуун калк жашайт.

Талибдер буга чейин Ооганстандагы эки ири провинцияны - Нимроздун борбору Заранж шаарын жана Жауздандын борбору Шиберганды ээлеп алышкан.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин "Талибан" кыймылынын аракеттери күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG