Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Алга Кылычевди атууга шектелген адам кармалды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Активист Алга Кылычевди бутуна аткан деген шек менен КСДПнын мүчөсү, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов кармалып, камалганы кабарланды.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) тараткан маалыматка ылайык, 7-августта травматикалык тапанчадан кишини бутуна аткан деген шек менен 38 жаштагы Т. Т. аттуу жаран кармалган.

"7-августтун таңында (саат 06:55) 102 кызматына "Тез жардам" бригадасы Ак-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине келгени, ал жерде бутуна ок жеген адам бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн. Милициянын атайын тобу аталган дарек боюнча барган кезде ок жеген адамды "Тез жардам" ооруканага алып кеткени аныкталган. Өзүн анын жубайымын деп тааныштырган аял тапанчадан Бишкек шаар кеңешинин депутаты Т. Т. аттуу адам атканын айтып берген. Жабырлануучу А. К. менен шектүү Т. Т. алгач телефон аркылуу айтышкан. Кийинчерээк Т. Т. ак түстүү автоунаасы менен А. К. үйүнө келип, телефондон сыртка чакырган. Күйөөсү чыгып кеткенден көп өтпөй, аял атылган октун үнүн угуп, көчөгө чыкканда бутун кармап жерде жаткан күйөөсүн көргөн. Аны аткан адам машинесине отуруп кетип калган".

Милициянын билдирүүсүнө караганда, бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаар кеңешинин депутаты, КСДПнын мүчөсү Таалай Темиркулов менен активист Алга Кылычев чатакташканы, натыйжада депутат активистти үйүнө барып атып кеткени тууралуу маалымат тараган.
Алга Кылычев өзү бул маалыматты жарым-жартылай ырастап, учурда ооруканада экенин билдирди. Бирок ок атышуу болбогонун айтууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG